Башкы беткеСаясат жана коомКоомШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин жыйыны өттү

ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин жыйыны өттү

2-июлда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин 12-жыйынына катышып жатат.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында транспорттук байланыштарды кеңейтүү, логистикалык коридорлорду өнүктүрүү, транспорттук тоскоолдуктарды азайтуу жана санарип технологияларды киргизүү сыяктуу бир катар маанилүү маселелер талкууланды.

Абсаттар Сыргабаев өз сөзүндө өлкө үчүн артыкчылыктуу болгон “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоору ишке ашып жатканын белгилеген.

“Бул долбоор – үч мамлекеттин лидерлеринин саясий эркинин жана биргелешкен аракеттеринин жемиши. Учурда курулуш иштери татаал тоолуу шарттарда, өзгөчө Фергана тоннелинде кызуу жүрүүдө”, — деди ал. Мындан тышкары, министр кызматташтыкты чыңдоо маселелерине да токтолду.

Кеңешменин алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт ведомстволорунун ортосунда жол тейлөө объектилерин өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар