Башкы беткеСаясат жана коомКоомПрезидент Садыр Жапаров иш сапары менен Москвага келди

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Москвага келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, иш сапары менен Москва шаарына келди.

Мамлекет башчысынын учагы Внуково-2 эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто Президент Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эскерте кетсек, сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы маселелерди талкуулашат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар