Башкы беткеМаанилүүКыргызстандык самбочулар Кытайда эл аралык мелдешке катышышат

Кыргызстандык самбочулар Кытайда эл аралык мелдешке катышышат

Эки күнгө созулган бул спорттук иш-чарада медалдар жекече таймаштарда (эркектер жана аялдар арасында), ошондой эле аралаш командалык эсепте ойнотулат. Мелдештер Цзяньян маданий-спорт борборунда өтөт.

Кыргызстандын намысын коргой турган улуттук курамада төмөнкү спортчулар бар:

Акак Үсөн кызы — 54 кг;

Саяк Бараканов — 64 кг;

Курманбек Замирбек уулу — 71 кг;

Мээримай Нурадилова — 80кг;

Бектен Эркебай уулу — 88 кг;

Бекназар Жээмырсаев — 98 кг.

Делегациянын курамында ошондой эле улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Азамат Казакбаев, улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулу жана мелдештин калысы катары Антон Зверев да бар.

Дүйнөлүк оюндар — Олимпиада оюндарынын программасына кирбеген спорттун түрлөрү боюнча өткөрүлүүчү көп түрдүү спорттук иш-чара. Быйыл бул мелдеш Кытайда биринчи ирет, ал эми Азияда экинчи жолу өткөрүлүп жатат.

 

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар