whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.02.2026
9.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарКара-Сууда 5 кабаттуу медициналык борбордун курулушу башталды

Кара-Сууда 5 кабаттуу медициналык борбордун курулушу башталды

12-августта Кара-Суу районунун Датка айыл аймагында «Саламат» санаторий-клиникасынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин өкүлү Элчибек Жантаев, райондук жетекчилик жана медицина кызматкерлери катышты.

Жаңы медициналык борбор 5 кабаттуу болуп, 70 орунга эсептелген. Ал заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалып, өз ичине операциялык блокту, толук кандуу реабилитация борборун жана билим алмашууга арналган жыйындар залын камтыйт. Долбоор ишке ашырылгандан кийин 100 жаңы жумуш орду түзүлөт.

Курулуштун жалпы сметалык баасы 300 млн сомду түзөт. Имарат пайдаланууга берилген соң аймактагы 450 миңге жакын тургун сапаттуу медициналык кызмат менен камсыздалары айтылат.

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар