Кыргызстанда акыркы алты жатак абагын жоюу боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Юстиция министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, бул чечим мамлекеттик башкаруу системасын бюрократиядан арылтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында кабыл алынган.
Жатак абактарын жабуу тууралуу чечимдер этап-этабы менен ишке ашырылган. Тактап айтканда, 2025-жылы тиешелүү кодекстерге жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилип, андан соң колония-конуштардын биринчи тобу жоюлган.
Ал эми 2026-жылдын 28-январында мекемелердин экинчи тобу — №26, 42, 43, 44, 45 жана 52-мекемелерди жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Юстиция министрлигинин билдирүүсүндө реформа пробация институту менен функциялардын кайталанышына жол бербөөгө, мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жана жоюлуп жаткан мекемелердин кызматкерлеринин укуктарын сөзсүз сактоого багытталгандыгы белгиленет.

