АКШ визалык эрежелерди катаалдаштыруу себебин түшүндүрдү

АКШ президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Серхио Гор Бишкекте өтүп жаткан «B5+1» форумунда сүйлөп жатып, Кыргызстандын жарандарын кошкондо 75 өлкөнүн жарандарына карата визалык эрежелерди кайра карап чыгуу мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү максатында кабыл алынган аргасыз чара экенин билдирди.

Вашингтондун өкүлү америкалык администрация акыркы эки айдан бери миграциялык көзөмөлдү ырааттуу түрдө катаалдаштырып жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул чаралар айрым мамлекеттерге каршы багытталган эмес, улуттук коопсуздук маселелеринен улам көрүлүүдө.

«АКШнын максаты — өз чек араларын коргоо. Бул кадамдар мыйзамсыз миграциянын алдын алууга жана визалык көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган», — деди Серхио Гор.

Ошол эле учурда дипломат иммиграцияга киргизилген чектөөлөр экономикалык кызматташтыкка таасир этпеши керектигин баса белгиледи. АКШ аймактагы өлкөлөр менен ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө, айрыкча электрондук коммерция жана транспорт тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтты. Анын пикиринде, мындай кызматташтык эки тарап үчүн тең пайдалуу бойдон калат.

Эскерте кетсек, буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын жарандарын да камтыган 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык визаларды (туруктуу жашоого көчүү үчүн) берүүнү убактылуу токтоткон. Бул чектөөлөр туристтик жана ишкердик сапарларга тиешелүү эмес, бирок аталган категориялар боюнча да көзөмөл күчөтүлгөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз