АКШ Нигерияга аскер кызматкерлеринин чакан тобун жөнөттү

0
1858

АКШнын Африка боюнча командачылыгы Нигерияга «аскер кызматкерлеринин чакан тобу» жөнөтүлгөнүн билдирди. Чет элдик маалымат агенттиктеринин маалыматына ылайык, бул АКШ аскерлеринин Нигерия аймагында бар экенин расмий тастыктаган алгачкы билдирүү болду.

Маалыматка караганда, америкалык аскерлер Нигерия менен АКШ террордук коркунучка каршы кошумча чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу макулдашууга жетишкенден кийин жөнөтүлгөн. АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Африка боюнча командачылыгынын башчысы, генерал Дагвин Андерсон аскер кызматкерлери «өзгөчө мүмкүнчүлүктөргө ээ» экенин айткан, бирок миссиянын масштабы жана мүнөзү тууралуу кошумча маалымат берген эмес.

Маалымат булактар берген фактыга ылайык, америкалык топ чалгын маалыматтарын чогултууга көмөк көрсөтүшү мүмкүн. Бул Нигериянын коопсуздук күчтөрүнө террористтик топтор менен байланышы бар куралдуу түзүмдөргө каршы так соккуларды жасоого шарт түзөт.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Нигерия бийлигин өлкөнүн түндүк-батышында аракеттенген исламчыл жоочулардан христиандарды коргой албагандыгы үчүн сынга алган. Андан кийин, 2025-жылдын 25-декабрында АКШ Нигериянын түндүк-батыш аймагында “Ислам мамлекети” террористтик тобуна аба сокку урган.

АКШ аскерлеринин маалыматына ылайык, аталган авиациялык сокку Нигерия бийлигинин өтүнүчү менен жасалган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз