Башкы беткеРубрикаларАймактарӨлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы боюнча жыйын өттү

Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы боюнча жыйын өттү

Кадамжай районунда 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында райондун учурдагы социалдык-экономикалык абалын талдоого жана өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктоого багытталган жыйын өттү.

Маалыматка ылайык, жыйынга Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жетекчилик кылды.

Жыйында Бакыт Төрөбаев улуттук программанын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын салымынын маанилүүлүгүн белгиледи. Анын ичинде өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча алдынкы 30 өлкөнүн катарына кирүүсү белгиленген.

«Кадамжай районунун экономикалык мүмкүнчүлүктөрү төмөнкү тармактарда басымдуу көрүнөт: өнөр жайды иштетүү, тоо-кен казуу, агрардык сектор жана туризм сферасы. Райондун инфраструктурасын өнүктүрүүдө, жашоочулардын бакубатчылыгын жогорулатууда жана туруктуу жергиликтүү экономиканы калыптандырууда өлчөнүүчү ийгиликтерге жетүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоо зарыл», — деди Бакыт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы президенттин жарлыгы менен кабыл алынган. Программа өлкөнүн орто мөөнөттүү максаттарын жана артыкчылыктарын аныктоочу стратегиялык документ болуп саналат. Программа туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана экономиканын негизги тармактарын комплекстүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар