Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстан менен БУУнун өнөктөштүгүнүн орчундуу маселелери талкууланды

Кыргызстан менен БУУнун өнөктөштүгүнүн орчундуу маселелери талкууланды

7-августта тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолукту.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун орчундуу маселелерин, Кыргызстандын катышуусу менен боло турган маанилүү иш-чараларды, анын ичинде БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-юбилейлик сессиясынын Жалпы дебаттарын жана БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 30-конференциясын (COP30) талкуулашты.

Асеин Исаев кыргыз тараптын улуттук өнүктүрүү максаттарына жана БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү үчүн Уюмдун агенттиктери жана долбоорлору менен жемиштүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады.

Өз кезегинде Граве Кыргызстан менен БУУ тутумунун ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүү жана бекемдөө боюнча жигердүү ишти улантууга даяр экенин ырастады.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар