Бишкекте күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин балдарына арналган «Ак-кайың» аттуу жаңы бала бакча расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымдады.
Ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, күч түзүмдөрүнүн ардагерлери, кызматкерлер жана ата-энелер катышты.
Маалыматка ылайык, бала бакчанын мурдагы имараты 1975-жылы курулган жана убакыттын өтүшү менен жараксыз абалга келген. Жаңы эки кабаттуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси 240 балага ылайыкталып, бардык заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен жабдылган. Курулуш иштери 2024-жылдын октябрь айында башталып, 2025-жылдын май айында жыйынтыкталды.
Салтанатта Камчыбек Ташиев кызматкерлердин үй-бүлөлүк жыргалчылыгы мекеменин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
«Андыктан, күч түзүмдөрүнүн жоопкерчиликтүү жумушту аркалаган кызматкерлери үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, алардын балдары үчүн республиканын бардык аймактарында бала бакчалар курулуп, пайланууга берилип жатат», — УКМК төрагасы.

Ата-энелер жаңы курулган бала бакчанын шарттарына ыраазычылыгын билдирип, жетекчиликке балдарга көрсөтүлүп жаткан камкордук үчүн ыраазычылык айтышты.
Иш-чаранын соңунда Камчыбек Ташиев балдарга белектерди тапшырып, тарбиячылар менен баарлашты.

