Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыПольша өз жарандарын Россиядан тезирээк чыгып кетүүгө чакырды

Польша өз жарандарын Россиядан тезирээк чыгып кетүүгө чакырды

Польша Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын Россия аймагынан мүмкүн болушунча тезирээк чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында жарыяланды.

Министрлик россиялык аймакта жашап же иштеп жаткан польшалыктарга, эгер турмуштук, үй-бүлөлүк же кесиптик зарылчылыгы жок болсо, өлкөнү коммерциялык же жеке жолдор менен дароо таштап кетүүнү сунуштады.

Билдирүүдө Польша тараптын Россиядагы дипломатиялык жана консулдук мүмкүнчүлүктөрү кескин кыскарганы, жарандарга жардам берүү оорлогону айтылат. Аны алуу үчүн кээде алыс жайгашкан консулдуктарга барууга туура келет.

Ошондой эле россиялык атайын кызматтардын иш-аракеттерине, мобилдик телефонду текшерүү мүмкүнчүлүгүнө, банк карталарынын иштебей калганына жана түз аба каттамдарынын жоктугуна көңүл бурулган.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар