whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.03.2025
17.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭсенбек Мусаевдин эмгеги элинин эсинде

Эсенбек Мусаевдин эмгеги элинин эсинде

Э. Мусаевдин кыска жана нуска, ошол эле мезгилде үзүрлүү, жемиштүү окуяларга жуурулушкан өмүрү, мартабалуу чарбалык жетекчилиги Нарын аймагынын өткөн кылымдын 60-80-жылдардагы тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү. Ал доор Совет мамлекетинин социалдык-экономикалык, маданий-технологиялык өнүгүшүнүн болуп көрбөгөндөй гүлдөгөн мезгили менен мейкиндиги эле.

Мына ушул жылдары албан ийгиликтердин, зор илимий-техникалык секириктин жана Кыргыз Республикасынын алтын доору болгондугу талашсыз. Ошол өнүгүүнүн айы менен күнү тууп турган маалда Эсенбек Мусаев дагы өлкөнүн өнүгүшү үчүн чарба жетекчиси катары эпкиндүү эмгектенип, натыйжалуу жыйынтыктарга жетишкендиги эл оозунда бүгүнкү күнгө чейин аңыз болуп айтылып келет.

Ал бала кезинен бар менен жокту, жакшы менен жаманды көрүп чоңойду. Эмгек менен эрезеге жетти, үй-бүлөдөгү үлгүлүү тарбия, айрыкча, атасы Муса менен энеси Үркүндүн, агасы Аскарбектин таасирдүү таалим-тарбиясы терс, жаман адаттардан алыс кылып, жакшы, окуп-билим, таалим-тарбия алууга көмөк бергендиги баамга урунат.

Андан аркы өнүгүшүнө Кочкор, Көк-Жар, Кум-Дөбө мектептеринде окуган учурлары, таалим-тарбия көргөн күндөрү, анын калыптануусунун чечүүчү жагдайлардын бири болгон. Мектептеги предметтик билим алуу, ошондой эле, көркөм адабиятты окуу, искусство дүйнөсү менен таанышуу анын көз карашын байыткан.

60-жылдарда Кыргызстанда жашоонун билим берүүнүн, маданияттын, кийинчерээк айыл чарбасынын жаңы чен-өлчөмдөрүнүн маалы башталды. Дал ушул убакта Э. Мусаев К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун студенти болуп, залкар жана таланттуу окумуштуулардан билим-таалим алууга жетишкен. Ал студенттик кезде Жумгалбек Аманбаев, Кемелбек Ашыралиев, Кыргызбай Алагушев тариздүү көрүнүктүү жана даңазалуу инсандар менен курсташ болгондугун айтып кетүү ашыкча болбос.

Окуусун 1966-жылы ийгиликтүү аяктаган. Алгач Кочкор районундагы “Ленин” атындагы колхоздун башкы зоотехниги болуп эмгек жолун баштаган. Андан соң 1968-1970-жылдары КирНИИЖде аспирантурада окуган.  Кайрадан башкы зоотехник жана комплекстүү бригаданын бригадири, аталган райондогу “Коммунизм” совхозунун директору болуп иштеген. Акылды, алган билимди реалдуу шартка ылайыктап максатка шай пайдалана билүү, тажрыйбага ээ болуу оңой нерсе эмес.

Дал ушул мезгилде ишке берилгендик, жамаат менен иштей билүү, аны коом-дук максаттар менен шайкеш келтирүү, сөз  менен иштин биримдиги, социалдык парзды аткарууга акыл-эстүү мамиле кылуу, жигердүү позицияны калыптандыруу, жүрүш-туруштун оң үлгү-өрнөктөрү чоң роль ойнойт. Бул өздүк ишмердүүлүктү талап кылган ж.б. касиеттер ага таандык болгон.

Муну Э.Мусаевдин айыл чарба өн-дүрүшүн илим менен айкалыштырууга жигердүү, эпкиндүү аракеттенгендигинен байкасак болот. Совхоздун жетекчиси катары жумушту туура, калыс жана жигердүү уюштуруп, ишти бир калыпта үзгүлтүксүз жүргүзүп, ал үчүн жумушчу күчү менен эмгек каражаттарын ийгиликтүү мерчемдештирүүгө үлгүргөндүгү да маалым.

Мындан тышкары мал чарба азык-түлүгүн алуунун ийкемдүү тутумун жана алгылыктуу технологияларын чапчаң пайдаланууга көп аракеттенген. Чарбада асыл-тукум койлорду өстүрүү, мал санына жараша сапатын камсыз кылуу, тоют даярдоо, жылуу короо-сарайларды курдуруу, малды чың жана үнөмдүү тоюттандыруу аркылуу алынган продукциянын өздүк наркын төмөндөтүү боюнча  максаттуу иш-чаралар  ырааттуу уюштурулгандыгы райондук,    Жети жыл совхоздо директор болуп иштеген. Ал жумушуна баамчыл, ыкчам, кайраттуу, мээнеткечтик менен мамиле кылган. Совхоз ири ийгиликтерге жетишип, өзү эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Об-лустук кеңешке депутат, партиянын 27-съездине делегат болуп шайланган. Кыска мезгилде нускалуу, мартабалуу ийгиликтерди жаратуу ар кимдин эле колунан келе бербеси түшүнүктүү.

Ата журтум, тууган элим, мекеним,

Жан кубатым, сүйгөн жерим, секетим – деп, Алыкул жазгандай, эли үчүн, жери үчүн, Ата журту үчүн, Ала-Тоодой кеў мекени үчүн кажыбас кайрат менен талбай мээнет аркылуу өзүнө-өзү эстелик калтырып кеткен инсан менен ар дайым сыймыктанабыз.

Ал өз муундаштары сыяктуу эле жаңы менен эскинин, бар менен жоктун, оң менен терстин, жакшылык менен жамандыктын, өмүр менен өлүмдүн, ак менен каранын, акыйкат менен наадандыктын, адам менен табияттын, достук менен кастыктын, ыйман менен ар-намыстын, адал менен арамдыктын, өтмүш менен болмуштун, кубаныч менен өкүнүчтүн, ааламдашуу менен этномаданияттын, мүнөз менен тагдырдын ашташкан жеринде, тогошкон тоомунда нарк-насилдүү, мартабалуу өмүр кечиргендиги мекендештеринин көз алдында өттү.

Т.Усубалиев айткандай: “Мен өз мекенимди дайыма күчтүү, назик, бирок, күпүлдөгөн чоң сөздөрү жок сүйгөм” деген сыяктуу ал дагы мекенине болгон терең сүйүүсүн, жупуну жүрүм-туруму жана элге калтырган ак, таза эмгеги менен көрсөтүп кетти.

Жалпылаштырып айтканда, ал биринчиден, эмгек этип жашынан, элге жаксаң эң кызык дегендей, өз элинин этногенезисин, басып өткөн жолун жана этноско мүнөздүү болгон пассионардуулугун, иденттүүлүгүн, менталитетин кыйла терең өздөштүргөн, калктын жүгүн аркалай алган, милдетти алдына коюп, аны аткаруунун усулдарын, иле-амалдарын, каражаттарын таба билген, алдындагылардын жөндөм-шыгын дамамат таптап өркүндөткөн, жумушчуларды шыктандырып, социалисттик мелдеште күчтүүлөр, жигердүүлөр, тайманбастар ийгиликке жетерине ынандыра алган, ошого билими менен тажрыйбасы жеткен эл билги инсан болгон.

Экинчиден, туулуп-өскөн туурунун жаратылышын түшүнгөн, тоо-талаалардын кыртыш-топурактарын, айдоо аянттарын, жайыт-чабык жерлеринин кадыр-баркын, сырын, табышмактарын терең түшүнүү аркылуу анын ырыскы-берекесине таазим кылган, мекендин топурагы кум болсо, алтын деп билген, суусу шор болсо, кантым деп билген, Кочкор-Ата мазарынын касиетине таазим этип, Төрт-Күлдүн карт тарыхына акыл-оюн кандырган жер билги башчы боло алган.

Үчүнчүдөн, миң кишинин атын билгиче, бир кишинин сырын бил демекчи, чарбадагы чогуу иштешкендердин акылы, ойлоо, ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү ар түрдүү болот эмеспи. Ошого жараша ички ой-пикирлери, жашыруун сактаган көз караштары, ички сезимдери көкүрөк-көөнүндө катылуу болору табигый иш. Жакшынын сыры ичинде, жамандын сыры сөзүндө болот деп элибиз бекер айтпайт. Айтууга, кулак кагыш кылууга, жарыялоого болбой турган купуя же жашыруун кабар, маалымат ар кимдин жадында болору айкын. Андыктан, чарбалык иште ар кимдин тилин таап, сырын билип, чечилишип, ишти уюштурууга жетишүү – бул эмгектин натыйжасы менен майнабын камсыз кылары турган иш.

Демек, жетекчинин жумушчулардын сырын-муңун түшүнүп, сырдаш-тилектеш болуусу – жамааттын ынтымагын жана эмгекке болгон жигердүүлүгүн өркүндөтүүнүн каражаттарына айланат. Андай жетекчилер сыр билгилиги аркылуу элге алынат эмеспи.

Төртүнчүдөн, сөз атасын өлтүрбөгөн, сөздүн улуулугуна кулдук урган, сөзгө жараша сөздү айта билген, бетке чаап, сөз кайрыган, сөзгө жараша сөз айтпаса, сөздүн атасы өлөт деген макалды колдоно билген, сөз оңтоюу менен удулун колдон чыгарбаган, кээде сөзгө конок берип, ага жыгыла да билген, айтканын-дегенин бек туткан, сөзүн жерге таштабаган, айтканы айткандай болуп, убададан тайбаган чечен, кепке-ойго карк мыкты сөз билги, кеп билги жетекчинин образын байыткандыгы ушу кезеңге чейин уламыш кылып келишет.

Бешинчиден, көңүл коюсу, элестетүүсү, акыл-эс мүмкүнчүлүгү, жөндөмү өтө терең, түшүнүгү бай, кенен, таанып-билүүсү жигердүү, турмуштук көрүнүштөрдү өзгөчө шөкөттөбөгөн, жасалгаланбаган реалдуулукту тумарындай тутунган, өйдө-төмөндү, ар нерсени өз учурунда объективдүү түшүнгөн, маселелерди кылдат ажырата билген, чарбадагы ар кандай көрүнүштү өз акылы менен жүрөгүнөн сынаакы өткөргөн, совхоздун жумушчулары үчүн жөн билги башкаруучунун бейнесин өркүндөткөн.

Алтынчыдан, чакырыктар кишини чыйрак кылат, мындай чыйрак кишилер элди эл, журтту-журт кылат, ал эми атаандаштык ар дайым кубаттуураак жана мыктыраак болууга түртөт демекчи, чынчылдык, акыйкаттык, айкөлдүк, абийирдуулук, уяттуулук, тартиптүүлүк, жарандык милдетти так аткаруу менен ар нерсеге көзү жатык, акылы тетик, жөндөмдүү, түшүнүктүү болуу, аркылуу алган билимди өндүрүштө оптималдуу пайдалануу менен иш билги жетекчинин дөөлөт-касиетин өркүндөткөн.

Жетинчиден, ким сынап, ким баа берет өлчөп-ченеп дегендей, логикалык-практикалык салыштыруу ой чабыты терең жана кенен, ошол эле мезгилде жумушчулардын жасаган аракеттерине, эмгектерине, ийгиликтерине, жетишкендиктерине, жаңычыл, акыйкат оюн айтып, алардын мыктыларын район, облус, өкмөт тарабынан калыс сыйлата билген баа билги азаматтыгы менен да ардакталууга жетишкен.

Анын лидерлиги – бул акыл-ойдун, тапкыч-кыраакылыктын, эстүүлүктүн, күчтүү мүнөздүн жана эң залкар нерсеге умтулуучулуктун ширендиси.“Кылык-жорукту эксең – адатты аласың, адатты эксең – мүнөздү аласың, мүнөздү эксең – тагдырды аласың” – деп Конфуций айткандай, анын мүнөзү тагдырын уюштурган. Ал эми тагдыры — бул башкалардын жүрөк толтосун бакытка бөлөөгө арналган. Ырас, ага кандайдыр бир даражада жетишүүгө жараткан мүмкүндүк берген жана үлгүргөн.

Түрк дүйнөсүн терең изилдеген Гумилевдун өзөктүү концепциясы бар, окумуштуунун ою боюнча этностордун жана адамдардын мүнөздөрү, кыял-жоруктары, өзү жашаган жаратылышка, табиятка, экосистемага байланыштуу. Анын сыңары, Э. Мусаев адамдык нарк-насили, инсандык парасаты кыргыз жериндей көрктүү да, ажайып да келип, сөздүн толук маанисинде, ал үлгүлүү да, өрнөктүү да, насыйкаттуу да өмүр кечирип кеткендиги бизди ар дайым каниет кылууга, топуктуу болууга чакырат.

Албетте, ийгилик – бул жетчү мара эмес, сапардын өзү. Ар бир жолу өз сапарыңызда кайсы бир сереге, бийиктикке чыксаңыз, сиз андан да жогору турган башка кыл чокуга көз чаптырышыңыз абзел. Тилекке каршы, анын өмүрүнүн кыска болуп, 39 жашында дүйнө салгандыгы өкүндүрөт жана өксүтөт. Ага айла-амал жок. Совет доорунун оң каарманы Эсенбек Мусаев жөнүндө макаламды аяктап жатып, бир гана изги тилегим бар. Өлкөбүз өнүгүү жолуна түштү. Биз, баарыбыз, бул дүйнөдөгү эң таалайлуу өлкөлөрдөн болобуз деп Эсенбек Мусаев агабызча эмгектенүүгө жана кыялданууга толук акылуубуз.

Н.ИШЕКЕЕВ,
Ж. Баласагын атындагы КУУнун проректору,
педагогика илимдеринин доктору,
КР УИА корр.-мүчөсү,  профессор    

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар