Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыОоганстанда үч күндөн бери интернет жок

Ооганстанда үч күндөн бери интернет жок

Ооганстанда интернет үчүнчү күндөн бери иштебей, банктар, бизнес, авиакаттамдар жана гуманитардык иштер токтоп калды. Бир нече провинцияда өткөн айда эле интернет өчүрүлгөнү кабарланган.

Талибдер «интернетке тыюу салдык» деген айыптоолорду четке кагып, үзгүлтүктөрдү эски оптикалык кабелдердин бузулушу менен түшүндүрүштү. Бирок качан толук калыбына келери белгисиз.

БУУ талибдерди байланыш кызматтарын дароо калыбына келтирүүгө чакырып, өчүрүүлөр экономикага сокку уруп, аялдар менен кыздарды обочолондуруп, медицина жана акча которууга жетүүнү чектеп, гуманитардык кризисти күчөтүп жатканын билдирди.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар