whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүБишкекте жакында таштандыларды кайра иштетүүчү завод ачылат

Бишкекте жакында таштандыларды кайра иштетүүчү завод ачылат

Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү завод 28-декабрда ачылат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Биринчи радиого билдирди.

Заводдун долбооруна ылайык, суткасына кеминде 800 тонна таштандылар кайра иштетилет, потенциалы 1500 тоннага чейин жеткирилет. Ошондой эле станция болжол менен 460 мегаватт электр энергиясын өндүрүп, жаңы инфраструктура жана электр линияларын камтыйт.

Азыркы учурда заводдун аймагында административдик имарат курулуп, кире бериш жолдор төшөлүп, саркынды сууларды тазалоочу жана өндүрүштүк жайларды монтаждоо иштери жүрүүдө.

Мэрдин айтымында, негизги максат — таштандыларды жөн эле өрттөп жиберүү эмес, экологиялык жактан коопсуз кайра иштетүү.

«Бизде аягында бир грамм да зыяндуу заттар болбошу керек», — деди Айбек Жунушалиев.

Ал ошондой эле Бишкекте азыр таштандыларды бөлүп чыгаруу маданияты жок экенин белгилеп, шаар тургундарын сорттоого үйрөтүү жана келечекте экологиялык жоопкерчиликти өнүктүрүү зарыл экенин кошумчалады.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар