Кыргыз наркы – нечен жоболоңдон сакталып, жоголуп кеткиче жомокко айланып, эненин эбеденинен эмчек сүтүнө сиңип, бешик башына тумар болуп тагылып, термелген сайын бешик күүсүнүн ыргагына көөшүгөн улуулук. Найзанын учуна тепчилип кетпей, кылыч мизине кесилип кетпей, ташка салса сынбаган, кылымдан-кылым тынбаган бийиктикке айланып, эл ишениминен, элдин үмүтүнөн боюна эбегейсиз кубат жыйнаган асылдуулук. Кыргыздын байыртадан бери укумдан-тукумга көчмөн калктардын уюткусу катары келип жеткен нарк-насилибиз, каада-салттарыбыз, тарбиялык таалими зор баяндар, уламыштар тууралуу Сүйүнбек Касмамбетовдун уңгулуу кептеринен жарыялайбыз.
(Башталышы өткөн санда)
Күндөрдүн бир күнүндө чапанын желбегей жамынып, багымдат намаздын дааратына камынып жатса алдынан байбичеси чыгып:
– Абышка, акыркы күндөрү кагынып-силкинип эле башкача болуп баратасың. Башта мындайың жок эле. Ушу даражага жеткениңе менин деле анча-мынча үлүшүм бар чыгар. Элдин көзүнчө кагып силкпей жүрчү, – деп калат.
– Эй, катын, бу ургаачыда үч маал берген чайынан башка, үч катынга кошулуп айткан айыңдан башка эмне касиет бар? Ийне каякка сайылса учук ошол жакка барат, – деп, кемпирин дагы кагып коюптур. Байбиченин шагы сынып, маанайы бузулуп, кабагы чытылып отуруп калат.
Карыя эртеси баштагыдай эле көл үстүнө басып барып, жайнамазын жайып намаз окуй баштаса буту кызыл ашыгына чейин сууга маалынып калат. Ага анчейин деле маани бербептир. Эртеси буту куу такымына чейин малынганда бир аз чочулай баштайт. «Айланайын, Жараткан, күнөөм болсо кечире көр. Эмнеден жаздым, эмнеден тайдым, касиетим эмнеден улам кемип барат?» – деген бойдон сабыры суз, маанайы пас үйүнө келип, тетири карап жатып калат.
Ал эми үчүнчү күнү таң каракчысы сөгүлгөн маалда адаттагысындай эле эртелеп көлгө барып, жайнамазын жайып багымдат намазын окуй баштаганда белине чейин суу болот. Сарсанаа басып, сабыры суз, маанайы пас үйүн көздөй баратса алдынан байбичеси тосуп чыгып, абышкасынын капаланган жайын сурайт.
– Байбиче, оозумдан жаңылган окшойм. Ойлонбой сүйлөгөн – оорубай өлөт дечү эле, Жараткан өзү кечирсин, -– деп болгон окуянын чоо-жайын төкпөй-чачпай айтып берет.
– Абышка, анын жөнү мындай. Сен мени жөнү жок эле кагып-силкип койгон алгачкы күнү чапаныңды желбегей жамынып, маалынан мурун намазга камынганыңды көрүп жоолугумдун байлоочун бир аз бошотуп койдум эле, ошондон улам кызыл ашыгыңа чейин сууга малынган чыгарсың. Экинчи күнү «жакшы кебин жаштарга коротпой, жанына ак сакал-көк сакалдарды жолотпой, бу байым эмне болуп баратат?» деп жоолугумду желкеме шыпырып койдум эле, ошондон куу такымыңа чейин малынган чыгарсың. Ал эми бүгүн пайгамбар жашынан өткөндө кызылдай көөп, короого кирген кыз-келиндин жүзүнөн өөп, акырын басканды аксак, катуу басканды таскак деп, өйдө караганды чакчак, ылдый караганды акмак санап, делбелектеп демигип, жигиттер менен кошо жээлигип, карып калган чагында кадырын кетирип албасын деп чоочулап бираз жаман көргөнсүп койдум эле,- деген экен байбиче.
Ошондо акылына келе тушкөн карыя чөгөлөй калып: “Оо Жараткан, чыныгы касиет кыргыздын ургаачысына бүткөн турбайбы?.. Байбичемди багыма жараткан тура”, деп өз күнөөсүн моюндап, Жараткандын калыстыгына таң берген экен.
Кыргыз абалтадан эле энесин урматтап, кызын сыйлаган журт. Көп элден дал ушул касиети менен айырмаланат. Буга тарыхый мисалдар арбын. Кыргызда журт намысын Ала-Тоосундай бийик койгон аялзаты арбын. Алар ар бирибиздин жашоо-турмушубузга демөөр берип, жарык маанай тартуулап келет. Кылымдар кыйырын белчесинен басып келаткан кыргыз эли эзелтеден аялзатына өзгөчө кадыр-барк менен мамиле жасаган, мээримин төккөн, кастарлап келген. Калкынын санынын аздыгына карабастан, анын дал ушундай улуу касиети улут катары сакталып, калыптанып, өнүгүп келе жаткандыгынын бирден бир айкын өбөлгөсү деп түшүнөм.
(Уландысы бар)

