whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарӨзгөн районунун акими Каныбек АПБАСОВ: “Өзгөн району өнүгүү жолунда”

Өзгөн районунун акими Каныбек АПБАСОВ: “Өзгөн району өнүгүү жолунда”

Өзгөн районунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыздоо максатында 2024-жылы райондук мекеме-уюмдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бир топ алгылыктуу иштер аткарылган.
Райондун аймагында 18 жаңы ишкана, 3 логистикалык борбор ачылып, жергиликтүү калк жумуш орундары менен камсыз болушкан. Аталган аймактагы жасалып жаткан иштерди окурмандарга сунуштайбыз. 

Өнөр жай тармагы

Өзгөн районунда 2024-жылы өнөр жай тармагында 2 млрд.137 млн.16,2 миң сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 147 млн. 833,4 миң сомго жогорулаган.

Райондо өнөр жай тармагында 2024-жылы 18 жаңы ишкана ачылып, 269 жумуш оруну түзүлгөн. Алардын эсебинен жалпысынан 335,5 млн. сомдук инвестиция өздөштүрүлдү. Андан сырткары социалдык объектилерде, жана башка курулуп жаткан объектилерде, тейлөө мекемелеринде жалпысынан 1495 адам туруктуу жана убактылуу жумуш менен камсыздалды.

2024-жылы жаңы ачылган өнөр жай ишканаларына токтолсок: Тоо-кен тармагында – 2 ишкана, кайра иштетүү тармагында – 7 ишкана, текстиль жана жеңил өнөр жай тармагында – 6 ишкана жана 3 логистикалык борбор ачылган.

Аймакты өнүктүрүүдөгү каржы булактар

2024-жылы райондо жалпы салыктардын жана жыйымдардын планы 758 млн. 83,8 миң сом болсо, ал 776 млн. 7,7 миң сомго аткарылып, 17 млн. 924 миң сомго, же  2,4 пайызга көп аткарылган.

Район боюнча теңдештирилген гранттын көлөмү 2023-жылы  182,4 млн. сом болсо, 2024-жылы 143,6 млн. сомду түзүп, 38,8 млн. сомго кыскартылган. 2024-жылдын жыйынтыгы менен Куршаб, Мырза-Аке айыл аймактары жана Өзгөн шаары дотациядан чыгарылган. Эгерде 2023-жылы дотациянын пайызы 30,5 болсо, 2024-жылы 23,4 пайызды түзүп, 7,1 пайызга азайган.

2024-жыл ичинде Өзгөн райондук өнүктүрүү фондуна жалпы 116 млн. 71,4 миң сом келип түшкөн. Анын ичинен Өзгөн районунун чек арадагы айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча 60,0 млн.сом Баш-Дөбө, Куршаб, Кызыл-Октябрь, Кароол, Төрт-Көл айыл аймактарына бөлүнгөн.

Жалпысынан райондук өнүктүрүү фондунан социалдык объектилердин абалын жакшыртуу боюнча 37 долбоор 67 млн. 89,7 миң сомго жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча 27 долбоор 48 млн. 791,5 миң сомго каржыланган.

Айыл чарбасынын көрсөткүчү

Райондо азык-түлүккө болгон керектөөнү жетишээрлик деңгээлде камсыздоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында айыл-чарба продукцияларын өндүрүү боюнча тиешелүү жумуштар жүргүзүлүп, продукцияларды өндүрүүнүн жогорулашы белгиленген.

Мал чарба тармагында 2024-жыл ичинде райондо өндүрүлгөн дүң продукциясынын өсүү темпи 2,5 % өскөн. Анын ичинен: эт 17531 тонна өндүрүлүп, 2023-жылга салыштырмалуу 2,6 пайызга,  сүт 76910 тонна өндүрүлүп, 2023-жылга салыштырмалуу 2,5 пайызга, жумуртка өндүрүү 12 млн. 52 миң даана өндүрүлүп, 2023-жылга салыштырмалуу 2,3 пайызга өскөн.

Айыл чарба багытында пайдалана турган жалпы айдоо аянттар 44836 га түзөт. 2024-жылдын түшүмү үчүн дан эгиндер 24779 га аянтка себилип, буудай 8545 га, арпа 7274 га, жүгөрү  5783 га, шалы 3177 га түзгөн.

2024-жыл ичинде 183101 тонна кесек тоют оруп жыйналып, күтүлгөн план 101,6%  аткарылган. Жыл башында район боюнча пайдаланылбай калган айдоо аянты 382 га аянтты түзсө, жыл жыйынтыгы боюнча 142 га жер аянтына кыскарып, жыйынтыгында 240 гектарды түзгөн.

“Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору аркылуу “Айыл Банк” ААКы тарабынан талаачылыкка 8 адамга 3 млн. 100 миң сом, мал чарбасына 160 адамга 68 млн. 100 миң  сом, “Элдик Банк” тарабынан талаачылыкка 4 адамга 1 млн. 700 миң  сом, мал чарбасына 82 адамга 38 млн.  сом, жалпы 254 адамга 110 млн. 900 миң сом акча каражаты дыйкан фермерлерге берилген.

Райондо “Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоору аркылуу лизингге 29 техника алынып, алардын баасы 706 млн. 836 миң 671 сомду түзгөн.

Жашылдандыруу

Өзгөн районунда жалпы (токой фондунун жерлерин эсепке албаганда) 150 000 даана көчөт отургузуу пландалып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бөлүштүрүлгөн. Жылдын жыйынтыгы менен 13902 түп ийне жалбырактуу, 62103 түп жазы жалбырактуу жана 57649 түп мөмөлүү дарактар, жалпысынан 153400 түп көчөт отургузулган. Ошондой эле Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы менен Ош мамлекеттик университети биргеликте “Жашыл мурас” акциясынын жана “Курбу-Таш токой”  долбоорунун алкагында жыл ичинде көчөт олтургузуу иш-чаралары өткөрүлүп, Жалпак-Таш айыл аймагындагы “Курбу-Таш токой” чарбасынын 47 га жер аянтына 25 000 түп ар түрдүү бак -дарактардын көчөттөрү отургузулуп, жалпысынан 3 282 000 сомдук инвестиция тартылган.

Тартылган инвестициялар

Район боюнча 2024-жылы инвестициялардын жалпы көлөмү 5 млрд. 855 млн. 476,2 миң сомду түзүп, өткөн жылга cалыштырмалуу 3 млрд. 99 млн. 958,2 миң сомго көп жумуштар жасалган. Анын ичинен: республикалык бюджеттен — 1 млрд. 246  млн. 191,9 миң сом; жергиликтүү бюджеттен  ¬- 23 млн. 923,8 миң сом; демөөрчүлөр жана жамааттар тарабынан — 3 млрд. 737 млн. 129,0 миң сом; тышкы инвестициялар  — 813 млн. 486,7 миң сом; ишканалар жана уюмдар тарабынан — 34 млн. 744,8 миң сомду түзгөн.

Курулган жана курулуп жаткан курулуштар

Райондо 2024-жылы республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржыланып, 28 объекттин (9 мектеп, 6 бала бакча,1 оорукана, 5 мектептин капиталдык ремонту, 6 таза суу, 1 спорт зал) курулушу башталып, 2 мектеп жана 1 бала бакчанын курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.

Андан сырткары жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер, өнүктүрүү фонддор, эл аралык фонддор, CASA-1000 жана уюмдар тарабынан 54 социалдык объектинин курулушу жүрүп, анын ичинен 23 социалдык объект (1 мектеп, 2 ФАП, 2 мечит, 8 бала бакча, 7 таза суу, 3 спорт зал) пайдаланууга берилген.

Таза суу менен камсыздоо

2024-жылы калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу багытында бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлгөн. Республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, Салам-Алик айыл аймагынын Салам-Алик, Төрт-Көл айыл аймагынын Шоро-Башат айылдары таза суу менен камсыздалган. Ал эми Төрт-Көл айыл аймагынын Бостон, Жазы айыл аймагынын Ак-Кыя, Кара-Дыйкан, Салам-Алик айыл аймагынын Карчабек айылдарында таза суу системасынын курулуштары 2025-жылы бүткөрүлөт.

Ошондой эле, Европа Реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкы (ЕБРР) тарабынан Өзгөн шаарында таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушу (11 млн. 250 миң евро) жана “Мырза-Аке, Дөң-Булак, Куршаб” айыл аймактарын таза суу менен камсыз кылуу жумуштары аткарылууда (6 млн. евро).

Коомдук уюмдар аркылуу (Ас-Сафа фонду, АРИС уюмдары) каржылоосу менен курулган суу түтүгү, скважина, резервуарлардын жалпы суммасы 40 млн. 654,0 миң сомду түздү.

Билим берүү тармагындагы жетишкендик

Билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы мектептер салынып, мугалимдерге материалдык колдоо көрсөтүлүп, окуу куралдары менен камсыздоо жакшыргандыгынын натыйжасында окуучулардын билим сапаты жакшырган. Натыйжада, 2023-2024-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөгө 1158 бүтүрүүчү катышып, бүтүрүүчүлөрдүн орточо баллы 129,3  түзүп, 2022-2023-окуу жылына салыштырмалуу 20 пайызга өскөн.

Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин демилгеси менен “Жылдын мыкты мектеби” жана “Жылдын мыкты мектепке чейинки билим берүү уюму” кароо сынактары уюштурулуп, жеңүүчүлөр 500 миң сом жана 200 миң сом  акчалай, ал эми баш байге ээлери автоунаа менен сыйланышкан.

Ошондой эле, республикалык кароо сынактан Т. Асранов атындагы инновациялык орто мектебинин» диндердин өнүгүү тарыхы» предметинин мугалими С.Көчкөнбаева жана А.Таңгатаров атындагы мектеп-гимназиясынын тарых предметинин мугалими А.Заидов “Жылдын мыкты мугалими” номинациясына татыды. Аны менен катар “Наристе” балдар бакчасынын усулчусу А.Абдималикова “Жылдын мыкты усулчусу” кароо-сынагына катышып, “Мыкты усулчу” номинациясы боюнча 2-орунду ээлеген.

2024-жылга карата Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан социалдык контракттын негизинде 160 үй-бүлөгө, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 1440 үй-бүлөгө бизнес долбоорлорун ишке ашырууга 100 миң сомдон акча каражаты берилген.

Аймакты өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” №326 жарлыгынын негизинде Өзгөн району пилоттук район катары тандалып алынган.

Пилоттук долбоорду ишке ашыруу максатында Өзгөн районунун 2025-жылга комплекстүү социалдык-экономикалык программасынын алкагында 107 пункттан турган иш-чара түзүлүп, анда: экономикалык, чакан жана орто ишканаларды колдоо, муниципалдык ишканаларды ачуу, айыл чарбаны, энергетиканы, туризмди өнүктүрүү жана социалдык объектилерди куруу камтылган.

Ошондой эле, 2025-жыл ичинде социалдык объектилердин курулушуна өзгөчө көңүл бурулуп, Мырза-Аке айыл аймагында 60 койкалуу 3 кабаттуу оорукананын имараты курулуп, жакынкы арада пайдаланууга берилет. Андан сырткары,  6 мектеп, 5 бала бакча, 3 ФАП, бир катар спорт залдар жана спорт аянтчаларды куруу пландалган.

Өзгөн шаарындагы “Айчүрөк” кинотеатры, борбордук стадион, Баш-Дөбө айыл аймагындагы муниципалдык мейманкананын, борбордук аянтындагы “Достук” паркы жана башка ири социалдык объектилер капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул объектилер 2025-жыл ичинде пайдаланууга берилет.

Өзгөн районунун Кароол айыл аймагында “Иман-Билдинг” ЖЧКсы тарабынан бышык кыш заводунун курулушу аягына чыгууда, ушул жылдын 2-кварталында ишке берүү пландалган. Ишкананын кубаттуулугу күнүнө 100-120 миң даана кыш чыгарат, курулушуна 4.0 млн. доллар тартылган.

Төрт-Көл айыл аймагында Өзгөн жергесинин бренди болгон айтылуу өзгөн күрүчүн экспорттоо максатында күрүч таңгактоочу цехтин курулушу жүрүүдө. Бул ишканага АРИС тарабынан 5 млн. 200 миң сомдук тиешелүү тетиктер алынып келинип, орнотулган. Жыл ичинде пайдаланууга берүү пландалган.

Ошондой эле, Жазы айыл аймагына муниципалдык мал базар ачуу иштери пландалып, 22 гектарга Төрт-Көл айыл аймагында муниципалдык базар ачуу каралып, жер аянты бөлүнгөн.

Өзгөн шаарында жана айыл аймактарда таш иштетүүчү, кийим тигүүчү, темир-бетон буюмдарын чыгаруучу өнөр жай ишканаларын, заманбап соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларын ишке киргизүүнүн үстүндө иштер алып барылууда. Туризмди өркүндөтүү максатында ушул жылы Кара-Шоро жаратылыш паркы реконструкцияланат. Бул багытта АРИС тарабынан 500.0 миң АКШ доллары каралууда.

Ал эми жол инфраструктурасын жакшыртуу багытында  жалпы 65 км ашуун жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт. Негизгилерин атай кетсек, Өзгөн – Кара-Кулжа автожолунун 34 км, Куршаб – Жалпак-Таш автожолунун 10 км, Мырза-Аке – Кара-Шоро автожолунун 12 км. Жергиликтүү бюджеттин жана өнүктүрүү фонддордун каражатынын эсебинен жалпы 35 км негизги автоунаа жол бойлорун жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасындагы “Менин үйүм 2021-2026” программасына ылайык, калкты турак жай менен камсыз кылуу максатында Өзгөн районунда көп кабаттуу турак үйлөрдү Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан куруу үчүн Өзгөн шаарынан 6,5 га жер аянты сунушталып, курулуш иштерин баштоо боюнча төрт тараптуу макулдашууларга кол коюлган.

Ошону менен бирге Баш-Дөбө айыл аймагынан 78,54 га жер аянтына “Өзгөн сити”
шаарчасын куруу пландалууда.

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар