Эми азыркы учурдагы айдоо жерлерин трансформациялоо маселесине келсек, 2023-жылы аэропортторду жана көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн айыл чарба багытындагы сугат жерлерди трансформациялоо маселеси көтөрүлгөн.
(Башталышы өткөн санда)
Аэропорттор керек, бирок ары жагын да ойлойлу
Бул багытта “Сугат (айдоо) жерлерди башка жер категорияларына которууга мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин биринчи окуусунда жактырылган. Мыйзам долбоордун авторлору документтин маалымдама-негиздемесинде заман талабына ылайык, транспорттук инфрастурктураны жакшыртуу, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатуу максатында самолётторду чектөөсүз кабыл ала турган аэропортторду куруу зарылчылыгы бар экенин жүйө кылышкан. Ошондой эле бул өзгөртүүлөрдө мамлекеттик маанилүү объектилерди салуу үчүн жана Мамлекеттик ипотекалык компания үчүн айдоо жерлерди трансформациялоо да каралган.
2025-жылы аталган мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров кол коюп, ага ылайык зарыл болгон учурда айдоо аянттарын социалдык объектилерди, лабораторияларды жана суу чарба курулмаларын куруу үчүн трансформациялоого уруксат берилди. Ушул эле жылдын 31-январында Министрлер Кабинетинин төрагасы Бишкекте 21,3 гектар айыл чарба багытындагы жерди “калктуу пункт жерлери” категориясына которуу токтомуна кол койду.
Ага чейин 2023-жылы Kaktus.media маалымат агенттиги Айыл, суу чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын маалыматына шилтеме кылуу менен Кыргызстанда 1 937 гектар айыл чарба багытындагы жер трансформациялана турганын маалымдаган. Ошону менен бирге эле агенттик 2019-жылдан 2023-жылга чейин Кыргызстанда айыл чарба багытындагы жерлер 9,7 миң гектарга кыскарганын жазган. Аталган агенттикке берген жообунда Жер ресурстары кызматынын жетекчиси Турсунбек Кубанычбеков 1 881 гектар айыл чарба багытындагы жер жеке турак үйлөрдү курууга, 56,56 гектар жер өндүрүш, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы объектилерди курууга берилерин билдирген. Бул цифраларды келтиргенибиз, калктын өсүүсү менен жерге болгон муктаждык жаралып, айдоо аянттары минтип аздан болсо да кыскарып бара жатат.
Ал эми 2022-жылы апрель айында Садыр Жапаров кол койгон “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамынын негизинде эки-үч жылдын ичинде миңдеген бишкектиктер жер участогуна жеке менчик укугун ырастаган күбөлүктөрдү алышты. Албетте, бул цифралар менен мамлекеттик структураларды, азыркы өлкө жетекчилигин айыптоого болбойт. Себеби, ал үйлөр мындан 15-20 жыл мурун эле мыйзамсыз курулуп, эл эбак отурукташып калган. Болгону учурда мыйзамдаштырылып жаткан бул үйлөрдүн көбү кезинде айдоо аянттарына түшүп калганын баса белгилей кетүүбүз керек. Балким ошол мыйзамсыз жер басып алуу өнөкөтү башталган учурда өлкө бийлиги көп кабаттуу үйлөрдү курууну колго алганда жүздөгөн, миңдеген гектар айдоо аянттарыбызды сактап калмакпыз. Эң болбоду дегенде буга чейинки бийлик башындагылар жерге муктаж адамдарга түзөң жерден эмес, тоо тараптагы адырлардан жер бергенде туура иш кылган болмок. Себеби, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө турак үйлөр, ал тургай бүтүндөй шаарлар тоо беттерине, адырларга түшкөнүн көрүп эле жүрөбүз. Министрлер Кабинети ушуну эске алып, бул боюнча да долбоорлорду баштаса натыйжасы жаман болмок эмес.
Башка өлкөлөр кантип жатышат?
Чын-чынына келгенде жер тартыштыгы көйгөйү Борбор Азия өлкөлөрүнүн көбүндө бар. Бирок аны ар бир өлкө ар башка жол менен чечүүгө аракет жасап жатат. Мисалы, Казакстандын ири шаарларында калаа ичиндеги жерлерди натыйжалуу пайдалануу үчүн вертикалдык курулуштарды өнүктүрүүгө багыт алган. Ошону менен бирге эле боордоштор заманбап сугат технологияларын колдонуу менен чөл, жарым чөлдөрдү жигердүү өздөштүрүп жатышат. Өзбекстан шор басып кеткен кыртыштарды иштетүүгө жана тамчылатып сугарууга, көп кабаттуу үйлөрдү көбөйтүүгө басым жасоо менен шаарлардын четиндеги айдоо аянттарын сактоого аракет кылып жатат. Тажикстан өзүнүн тоолуу рельефин эске алуу менен тоо беттерин өздөштүрүп, террастык жер иштетүүнү өркүндөтүүүдө. Ошондой эле бул коңшу өлкө гидропониканы жана жер кыртышын пайдаланбай продукция өнүктүрүүнү колго алганы көп айтылууда. Мындан сырткары, тажик өкмөтү жыш жайгашкан региондордогу элди эл аз жашаган облустарына көчүрүү максатында шарты катаал аймактардын жашоосун жакшыртууга аракет кылууда. Түркмөнстанда болсо жасалма суу сактагычтарды түзүү менен чөлдүү жерлерди өздөштүрүү боюнча масштабдуу долбоорлорду жүзөгө ашырып жатат. Бул өлкөнүн ири шаарларында экологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында вертикалдык жашылдандырууга жакшы көңүл бурулган.
Кыргызстанда азыр жердин дээрлик бардыгы дыйкан чарбаларга таандык. Бирок, 35 жыл ичинде ошол дыйкан чарбалар айдоо жерлерин талаптагыдай иштете албаганын баарыбыз көрдүк. Ошондуктан мамлекет акырындык менен заман талабына ылайык иштетилбеген жерлерди мамлекетке кайтарып алышы керек.
Бул кадамды көпчүлүк жактырбашы турган иш. Ошентсе да Кыргызстан дүйнө өлкөлөрүнүн тажрыйбасына да көз салып, жыл санап өсүп бара жаткан калктын азык-түлүк коопсуздугун да эске алуулары керек. Мисалы, К.Бөкөнбаев жазгандай, АКШда айыл чарба багытындагы жерлердин 39,5 пайызы, Франция, Бельгияда 50-70 пайызы мамлекетке тиешелүү. Нидерланддарда жерге карата жеке менчик укугу жок. Батыш өлкөлөрүндө мамлекеттик жана кооперативдик чарбалар гана айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен. Демек, биз да акырындап кооперативдерди, мамлекеттик ири чарбаларды түзүүгө багыт алышыбыз керек. Крыловдун тамсилиндеги ак куу, чортон балык, рактай болуп ар кимибиз алакандай айдоо жерибизди ары-бери чоё берсек эртең жерлерибиз жайдак калып, кымбатчылык, ачарчылык да болушу толук ыктымал.
Кыйынбыз дебей кытайлардан үйрөнөлү
“Башканы коюп Манасты айт” дегендей, алыс барбай эле дүйнө жүзүнө түрдүү товарларын, техникасын, аны менен бирге азык-түлүк продукцияларын чыгарып жаткан Кытай мамлекети айдоо аянттарын кантип сактап, өнүктүрүп жатканына саресеп салып көрөлү. Бул өлкө дүйнөлүк айдоо аянттын 7 пайызына гана ээ болуу менен Жер планетасынын 22 пайызын азыктандырат. Тоо, адыр арасында, суу жээктериндеги алакандай жерди да кур койбой түшүм алган Кытай мамлекетинин Борбордук жыйынында 2021-жылы 120 млн. гектар айыл чарба багытындагы жерлерди сактоо, аларды башка категорияга трансформациялоого тыюу салуу жана ал жерлердин түшүмдүүлүгүн арттыруу тапшырмасы коюлган. Себеби, 18 жыл ичинде Кытайда эгин өндүрүү жылдан жылга өсүп отуруп жылдык түшүм алуу 682,85 млн. тоннага жеткени менен айдоо аянттарын коргоо ишинде көп кыйынчылыктар жаралган. Муну эске алуу менен 2021-жылдан тарта Кытайдын ар бир айыл өкмөтүндө жерлерди иштетүүнү көзөмөлдөөчү куратор жана ар бир талаага бирден жоопкерчиликтүү адам шайлана баштаган. Азыр мындай кызматкерлер күн алыс талааларды кыдырышып айдоо аянттары кандай багытта иштетилип жатканын көзөмөлдөп, туура эмес багытта иштетилип жаткан жерлер боюнча айыл өкмөт башчыларына фото, видеоматериалдарды берип турушат. Бул иш системалуу иштегендиктен Кытайдын бардык райондорунда айдоо аянттарын максаттуу иштетип, коргоого алуу иши жакшырган. Ошону менен бирге эле Кытайда акыркы жылдары алдыңкы агрардык заманбап технологияларды колдонууну кеңири жайылтуу менен айдоо аянттардын сапатын жогорулатуу мамлекеттик деңгээлде ишке ашып жатат. Алсак, азыр бул өлкөдө автоматташтырылган чачыратып сугаруу системасын фермер смартфон аркылуу башкаруу менен ондогон гектар жерин кыска убакытта сугарып коё алат. Бул биринчиден, сууну, убакытты үнөмдөп, экинчиден, кол эмгегин азайтканга эң жакшы шарт түзөт. Мындай алдыңкы технологиялардын колдонулушу менен акыркы жылдарда Кытайда айдоо аянттары кеңейип, түшүмдүүлүк эки эсе жогорулап, ар жылы жогорку түшүм бере турган жерлер көбөйгөн.
Бул өлкөдө кара топурактуу айдоо аянттардын сапаты, түшүмдүүлүгү начарлап кеткендиктен химиялык жер семирткичтерди, пестицид, гербициддерди азайтып, айдоо аянттарына эгин самандарын калтыруу колго алынган. Натыйжада саналуу жылдарда айдоо аянттардын түшүмдүүлүгү жогорулаган. А Кыргызстанда болсо учурда талаага буудай, арпа, сулуу самандар калтырылбай таза жыйналып кеткени аз келгенсип, анча-мынча жерде калган саманды мал такырайта жеп кетет. Ошону менен жерлерибиз арыктагандан арыктап келе жатат. Андыктан биздин дыйкан, фермерлер Кытайдын бул тажрыйбасын эске алса келечекте жаман болбойт элек.
P.S. Бул макала боюнча алгылыктуу ой, сунуш же сын-пикир айтам дегендерге редакциянын эшиги дайым ачык.
(Аягы)
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”