whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
08.03.2026
8.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүБишкек шаардык кеңешинин эки депутаты мандатынан ажыратылды

Бишкек шаардык кеңешинин эки депутаты мандатынан ажыратылды

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, «Эмгек» партиясынан шайланган Амантур Мусагул уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Анын ордуна тизмедеги кийинки талапкер Сыргак Майрамбек уулуна мандат берилди.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Амантур Мусагул уулун алдамчылыкка шектүү катары кармаган. Тергөө маалыматтарына ылайык, ал 2024-жылы шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн WhatsApp аркылуу өзүн УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин орун басары катары көрсөтүп, партиялашынан 30 миң доллар алган деп шектелүүдө.

Ошондой эле БШК «Жаңы күч – Новая сила» партиясынан шайланган Чыңгыз Жумалиевдин мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, анын ордуна Алмазбек Улукбековго өткөрүп берди.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар