Кыргызстандагы басмаканалар 2024-жылы жалпы тиражы 1 миллион 617 миң нуска болгон 1 020 аталыштагы китептерди жарыялашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет Маалымат жана басма сөз кызматкерлеринин күнүнө карата чыгарган баяндамасында билдирди.
Маалыматка ылайык, басылган китептердин 58 пайыздан ашыгы кыргыз тилинде, калган бөлүгү орус жана башка тилдерде чыккан. Бирок өлкөдө учурда канча басмакана иштеп жатканы так көрсөтүлгөн эмес.
Комитеттин билдирүүсүндө, Кыргызстанда китеп чыгаруунун жана басмакана ишинин тарыхы XX кылымдын 20-жылдарынан башталганы белгиленген. Ошол учурда улуттук жазма формасы калыптанып, кыргыз тилиндеги алгачкы басма органдары түзүлө баштаган.
“Көркөм тексттерди жана китептерди кыргыз тилинде басып чыгаруу улуттук басмакана түзүлгөнгө чейин эле ишке ашырылган, бирок алар Кыргызстандын аймагынан тышкары жарыяланган”, — деп айтылат баяндамада.
Тарыхый маалыматтарга караганда, 1925-жылы Пишпек басмаканасында алгачкы 8 түрдүү китеп, ал эми 1926-жылы “Кыргызмамбас” (кийин “Киргосиздат”) басмасынын негизделиши менен 26 аталыштагы китеп 66 миң нускада жарык көргөн.
Совет мезгилинде өлкөдө “Кыргызстан”, “Мектеп”, “Илим” жана “Адабият” сыяктуу ири басмаканалар иштеп турган.
Адистер азыркы учурда китеп чыгаруу жанданып жатканын белгилешкени менен, китеп сатуу жана окуу маданиятынын төмөндүгү тармактагы негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда.

