Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыЕвропада дары-дармектин жетишсиздиги күчөдү

Европада дары-дармектин жетишсиздиги күчөдү

Европа өлкөлөрүндө дары-дармектин жетишсиздиги жылдан-жылга курчуп, акыркы жылы рекорддук деңгээлге жетти. Бул тууралуу Эсеп палатасынын отчетунда айтылат.

Документте белгиленгендей, көйгөйдү чечүүгө жалпы европалык көзөмөл органынын жоктугу жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарындагы айырмачылыктар тоскоол болууда.

2022–2024-жылдар аралыгында Европанын дары-дармек агенттигине (EMA) 136 жолу олуттуу тартыштык боюнча маалымат берилген. 2025-жылдын март айына карата 34 дары дефицитте болсо, анын ичинен 16сы Еврокомиссиянын зарыл дары-дармектер тизмесине кирет.

Адистердин айтымында, тартыштыкка өндүрүштөгү көйгөйлөр, суроо-талаптын күтүүсүз өсүшү же өндүрүүчүнүн дарыны сатуудан алып салышы себеп болууда.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар