Токиодо Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Япониянын экономика, соода жана өнөр жай министринин орун басары Такэхико Мацуо менен жолукту. Жолугушуу «Борбор Азия жана Япония» экономика жана энергетика министрлеринин II диалогу алкагында өттү.
Тараптар энергетика тармагындагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашып, гидроэнергетика, кайра жаралуучу энергия булактары жана энергия натыйжалуулугу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти. Ошондой эле аз көмүртектүү өнүгүү, энергетикалык өтүү жана кадрларды даярдоо маселелерине көңүл бурушту.
Министр Ибраев Кыргызстандагы долбоорлорду колдогону үчүн Японияга ыраазычылык билдирип, мындан ары да өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи. Өз кезегинде Такэхико Мацуо Япониянын Кыргызстан менен энергетика тармагындагы кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантууну жана артыкчылыктуу багыттар боюнча ишти жандандырууну макулдашышты.

