Бүгүн, 26-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына жумуш сапары менен барды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын учагы Шымкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Аны Казакстандын Премьер-министринин орун басары, Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министри Жаслан Мадиев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропортто Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин туулары илинип, ардактуу кароол коюлду.
Эске салсак, Министрлер Кабинетинин Төрагасы жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына катышат жана ошондой эле “Digital Qazaqstan – 2026” эл аралык санарип форумуна катышып, форумдун алкагындагы санарип долбоорлордун көргөзмөсү менен таанышып, пленардык сессияда сөз сүйлөйт.

