Бишкекте ШКУ алкагында медициналык кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду

Бишкек шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ооруканалар альянсынын VIII конференциясынын алкагында маанилүү медициналык документке кол коюлду.

Атап айтканда, Россиядагы Алмазов атындагы медициналык улуттук борбор менен Кыргызстандагы Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору ортосунда кызматташтык тууралуу меморандум түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул документ эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле медициналык ишмердүүлүктү практикалык деңгээлде координациялоого багытталган.

Мындан тышкары, меморандум ар кайсы өлкөлөрдүн медициналык мекемелеринин ортосунда биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууга жана билим берүү программаларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Иш-чара “ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө бирге” деген ураандын алдында өтүүдө. Конференциянын алкагында Россия медицинасынын күндөрү да уюштурулууда.

Форумду Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жана Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору биргелешип өткөрүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз