Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыБрюссель аэропорту дрондордон улам убактылуу жабылды

Брюссель аэропорту дрондордон улам убактылуу жабылды

Бельгиянын негизги эл аралык аэропорту — Брюссель аэропорту дрондор байкалгандыктан түнкүсүн убактылуу жабылды. Натыйжада ондогон каттамдар токтотулуп, жүздөгөн жүргүнчүлөр түнү аэропортто өткөрүүгө мажбур болушкан.

Маалыматка ылайык, 41 рейс жокко чыгарылып, дагы 24 каттам башка аэропортторго багытталган. Аэропорттун операторунун билдиришинче, 400–500гө жакын жүргүнчү түнү аэропортто калган.

Бул — Брюссель аэропортунун дрондордон улам биринчи жолу жабылышы. Өлкөнүн премьер-министри Барт де Вевер коопсуздук маселелерин талкуулоо үчүн министрлер менен өзгөчө жыйын өткөрдү.

Мунун алдында да Бельгияда АКШнын өзөктүк курал сакталган аскер базасынын айланасында дрондор байкалганы тууралуу маалыматтар тараган.

Аэропорт администрациясы билдиргендей, бардык чаралар жүргүнчүлөрдүн жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар