Башкы беткеРубрикаларАймактарОш мэриясынын имараты капиталдык оңдоодон өтүп жатат

Ош мэриясынын имараты капиталдык оңдоодон өтүп жатат

Ош шаардык мэриясынын имараты капиталдык ремонттон өтүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мэрия жана президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жайгашкан имарат буга чейин ГАУГИнин балансында болуп, жакында муниципалдык менчик башкармалыгынын карамагына өткөрүлгөн.

Учурда мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен оңдоонун биринчи этабы жүрүүдө — имараттын фасады жаңыртылып, чатыр толугу менен алмаштырылууда.

Администрациянын маалыматы боюнча, бул имаратка дээрлик 70 жыл болуп, буга чейин капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар