Башкы беткеРубрикаларАймактарБишкек жана Чүйдө сүт ишканаларынын лабораториялары текшерилди

Бишкек жана Чүйдө сүт ишканаларынын лабораториялары текшерилди

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы Бишкек шаары менен Чүй облусундагы чийки сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын көзөмөлдөөчү лабораторияларына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө сүт ишканаларына чийки сүттүн сапатын лабораториялык көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, техникалык регламенттин талаптарын сактоо боюнча сунуштар берилди.

Өзгөчө көңүл ветеринардык дары каражаттарынын калдыктарын аныктоого бурулду. Учурда лабораторияларда негизинен антибиотиктердин айрым түрлөрү — левомицетин, тетрациклин, стрептомицин жана пенициллин текшерилет.

Ал эми башка 75 түрдөгү антибиотиктердин калдыктары мамлекеттик мониторингдин алкагында Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунда аныкталат.

Ошондой эле лабораториялардын ишин жакшыртуу жана эл аралык талаптарга ылайыкташтыруу үчүн аккредитациядан өтүү зарылдыгы белгиленип, тиешелүү сунуштар берилди.

Гезит

УҢГУЖОЛ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ

  “Күн алдында мугалимден бийик эч ким жок"  (Байыркы грек макалы)               Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар