whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
08.12.2025
2.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүү"Кыргыз Туусу” редакциясына Тышкы иштер министрлиги юбилейлик медалын тапшырды

«Кыргыз Туусу” редакциясына Тышкы иштер министрлиги юбилейлик медалын тапшырды

«Кыргыз Туусу” жалпы улуттук гезитинин редакциясына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин юбилейлик медалын тапшырды

Министр өз сөзүндө: “Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өулдөрү, сиздерди министрликтин жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Мааалыматты сын көз караш менен карап, талдап, элдин үнүн бийликке жеткирип, бийликтин аткарып жаткан жумушун калкка чагылдырып, коом менен мамлекеттин ортосундагы ишеним көпүрөсүн куруп келесиздер. Сиздердин кесип терең билимди, тынымсыз изденүүнү жогорку адам-ахлактык баалуулуктарды жана ар намысты талап кылган абройлуу иш”,-деп белгилеп, жалпы ЖМК өкүлөрүнө бекем ден соолук, ийгилик жана бакубат жашоо каалады.

Жээнбек Кулубаев Президент Садыр Жапаровдун эл аралык деңгээлдеги демилгелери, дүйнөлүк проблемаларга карата Кыргызстандын изги сунуштары жана кадамдары тууралуу кеп кылып, эмдиги жылы Кыргызстан дүйнөлүк жана регионалдык масштабдагы ири окуялардын ордосу боло турганын баса белгиледи. Маселен, эмдиги жылы Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун төрагасы катары мамлекет башчыларынын саммитин, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жана дүйнөлүк интеллектуалдардын “Ысык-Көл” шеринесин өткөрмөкчү.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар