whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
08.12.2025
2.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыУлуу Британия миграциялык саясатын кескин катаалдаштырды

Улуу Британия миграциялык саясатын кескин катаалдаштырды

Улуу Британия өкмөтү башпаанек издөөгө байланышкан мыйзамдарды олуттуу өзгөртүп, жаңы тартиптерди киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу ички иштер министри Шабана Махмуд The Sunday Times басылмасына билдирди.

Жаңы эрежелерге ылайык, өлкөгө мыйзамсыз жол менен – кайык, жүк ташуучу унаалар аркылуу же визасы бүткөндөн кийин башпаанек сурап кайрылган мигранттар ВНЖ (туруктуу жашоо укугу) үчүн арызды 20 жыл жашагандан кийин гана бере алышат. Бул Британияны Европада ВНЖ алуу үчүн эң узак мөөнөт талап кылган өлкөгө айлантат. Салыштырмалуу: Данияда бул мөөнөт 8 жыл.

Ал эми мыйзамдуу жол менен келген башпаанек издегендер үчүн мөөнөт 10 жыл болуп аныкталат.

Министрдин айтымында, жаңы мыйзамдар төмөнкү өзгөрүүлөрдү да камтыйт:

  • мамлекеттин башпаанек издегендерди материалдык жактан камсыздоо милдети жокко чыгарылат;

  • өзүн-өзү камсыз кыла алган, бирок иштебегендер жардам жана социалдык турак жайдан ажыратылат;

  • мыйзам бузгандарга колдоо көрсөтүлбөйт;

  • качкын статусу ар 30 ай сайын кайра каралат;

  • коопсуз деп табылган өлкөлөрдөн келгендер өз мекенине кайтарылат.

Учурдагы мыйзам боюнча, 2005-жылдан бери Британияда башпаанек алган адамдар 5 жыл жашагандан кийин туруктуу жашоо укугуна (ВНЖ) кайрыла алышат. Жаңы реформа бул мөөнөттү бир нече эсе узартып, социалдык жеңилдиктерди чектеп жатат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар