Кумтөрдүн каржы отчету эл аралык аудиттен ийгиликтүү өттү

Эл аралык көз карандысыз аудитордук Ernst & Young компаниясы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын 2025-жылга карата каржылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүүнү аяктап, аны толугу менен тастыктады.

Аудит Эл аралык аудит стандарттарына ылайык, көз карандысыздык жана кесипкөй скептицизм принциптеринин негизинде жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында компаниянын финансылык отчету 2025-жылдын 31-декабрына карата финансылык абалын жана отчеттук мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын так жана ишенимдүү чагылдырганы белгиленди. Бул «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишинин ачык-айкындуулугун жана туруктуулугун ырастайт.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча компания төмөнкү негизги финансылык көрсөткүчтөргө жетишти:

  • киреше — 1 млрд 434 млн АКШ доллары;
  • таза пайда — 706 млн АКШ доллары.

Өлкө экономикасына кошкон салымы да олуттуу болду:

  • салыктар жана милдеттүү төлөмдөр — 246 млн 507 миң АКШ доллары;
  • дивиденддер — 300 млн АКШ доллары.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы Кумтөр кенинде 12 081 кг алтын өндүрүлгөн.

Белгилей кетсек, Ernst & Young (EY) аудит жана консалтинг тармагындагы дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналат. Компания 150дөн ашык өлкөдө иш алып барып, 400 миңден ашуун кызматкерди бириктирет жана “Чоң төрттүккө” кирет.

Жыйынтыктар компаниянын туруктуу иш алып барып жатканын жана Кыргызстандын экономикасына олуттуу салым кошуп жатканын көрсөтөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз