Бүгүн Адылбек Касымалиев мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны кыскартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулаган ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү.
Жыйында мурда кабыл алынган чаралардын аткарылышы каралып, бир катар тармактарда жүргүзүлүп жаткан реформалар белгиленди. Атап айтканда, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө санариптештирүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө.
Министрлер Кабинетинин төрагасы административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана мамлекеттик кызматтарды жөнөкөйлөтүү иштерин мындан ары да күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгында төмөнкү негизги багыттар боюнча тапшырмалар берилди:
- жер маселелерин жөнгө салууну жакшыртуу;
- айыл чарба жаныбарларын санариптик каттоону кеңейтүү;
- экологиялык документтерди алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;
- туризм жана коомдук тамактануу тармагындагы кызматтарды оптималдаштыруу.
Ошондой эле мамлекеттик ресурстарды үнөмдүү пайдалануу, электр энергиясын сарамжалдуу колдонуу жана башка уюштуруучулук маселелер каралды.
Кабыл алынган чечимдер жарандар жана бизнес үчүн шарттарды жакшыртууга, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын жогорулатууга багытталган.

