Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда жүргөн же барууну көздөгөн жарандарга миграциялык мыйзамдарды так сактоону эскертти.
Маалыматка ылайык, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, мөөнөтүнөн ашыкча калуу, жасалма документ колдонуу сыяктуу мыйзам бузуулар депортацияга, камакка алууга жана АКШга кайра кирүүгө тыюу салууга алып келиши мүмкүн.
Министрлик мыйзамсыз жүргөн жарандарга өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады. Айрым учурларда АКШ өкмөтү кайтып кетүүгө жардам да бере алат.
Кошумча маалымат алуу үчүн Вашингтондогу элчиликке же Чикагодогу башкы консулдукка кайрылууга чакырык жасалды. Ошондой эле жарандардан АКШда жүрүү макамын тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүү талап кылынат.
Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилиги:
2360 Massachusetts Avenue, NW, Washington D.C. 20008; электрондук дареги: kgconsulate.washington@mfa.gov.kg;
телефону: +1 202 256 2924; +1 202 449 9823; +1 202 449 9822.
Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулдугу:
100/1610 Норт Ла Салл көчөсү, Чикаго шаары, Иллинойс, 60602;
электрондук дареги: kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg;
телефону: +1 312 929 34 42; +1 312 994 24 16.

