Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭдил Байсалов расмий тил мыйзамын өзгөртүү боюнча комментарий берди

Эдил Байсалов расмий тил мыйзамын өзгөртүү боюнча комментарий берди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов расмий тил мыйзамын өзгөртүү маселеси боюнча комментарий берди. Байсаловдун айтымында, орус тили расмий статусун сактап калат.

«Бул боюнча катуу сүйлөшүүлөр болду. Аны кайра карап чыгуу планыбыз жок. Бул макам биздин Конституцияда жазылган. Расмий тилдин статусун кайра карап чыгуу планда жок», — деди Байсалов.

Эске сала кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Мелис Мураталиев эскирген мыйзамдардын тизмесинде кайра каралып чыгууга тийиш болгон расмий тил мыйзамы да бар экенин билдирген.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар