whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБалдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо талкууланды

Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо талкууланды

13-июнда Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча өкүлү Асел Чынбаева Эл аралык Герман Гмайнер Фондунун “SOS – Балдар айылдары” башкармалыгынын төрайымы Ланна Идрис менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга колдоо көрсөтүү, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.

Тараптар мындан аркы кызматташуунун келечектүү багыттарына өзгөчө көңүл бурушту, мисалы, фостердик үй-бүлөлөр институтун өнүктүрүү, аярлуу кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоо, коомчулуктун деңгээлинде профилактикалык иштерди жүргүзүү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо тутумун чыңдоого жана балдардын абалын жакшыртууга багытталган конструктивдүү өнөктөштүктү улантууга умтулууларын ырасташты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар