whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭркин Чечейбаев: "Жаш кадрлар саламаттык сактоо тармагына иштегенге келбей жатат”

Эркин Чечейбаев: «Жаш кадрлар саламаттык сактоо тармагына иштегенге келбей жатат”

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев учурда дарыгерлердин жана башка медициналык кызматкерлердин тартыштыгы тармактагы эң олуттуу көйгөй болуп жатканын билдирди.

Министр бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде сүйлөп жатып белгиледи. Анын айтымында, учурда саламаттык сактоо тармагында 30-40 пайыз кадр жетишсиз.

“Акыркы жылдары тилекке каршы врачтарга, медайымдарга, санитарларга жакшы көңүл бурулбай келген. Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл дейбизби дегеле бардык облустарда көрүнүш бирдей. Мисалы, Чолпон-Атада 40 пайыз ваканция бар, врачтар жок. Каракол шаарында да ушундай абал, негизи эле облустун борборлорунда дарыгерлер жетишсиз. Иштеген врачтар, медайымдар пенсия курагына аз калган, пенсия курагындагы адистер. Жаш кадрлар саламаттык сактоо системасына иштегенге келбей жатат”,  — деди Эркин Чечейбаев.

Министрдин айтымында, мамлекет тарабынан акыркы жылдары жаш адистерди аймактарга тартуу аракеттери көрүлүп жатат. Атап айтканда, өзгөчө жетишсиз болгон төрт багыт боюнча адистерге 20 миң сомдон кошумча төлөм каралып, айлык маяна жана аманат төлөмдөрү көбөйтүлгөн. Бирок бул чаралар дагы жетишсиз болууда.

«Эгер кескин түрдө медицина кызматкерлеринин айлык маянасын көтөрбөсөк, алдыдагы 5 жылдын ичинде биздин тармакта оор кырдаал жаралат”, — деп билдирди министр.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар