БУУнун Коопсуздук кеңешинде Бахрейн сунуштаган Ормуз кысыгындагы коммерциялык кеме жүрүшүн коргоо боюнча резолюция Россия менен Кытайдын ветосунан улам кабыл алынган жок.
Документте кысыкты пайдаланган мамлекеттерди кеме жүрүшүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн биргелешкен коргонуу чараларын координациялоого чакырык камтылган. Анын ичинде соода кемелерин коштоп жүрүү жана кысыкты жабуу аракеттерине каршы туруу каралган.
Алгачкы вариантта күч колдонууга уруксат берүү сунушталган. Бирок Кытай бул демилгеге каршы чыгып, мындай кадам абалды курчутуп, олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.
Резолюцияны кабыл алуу үчүн кеминде тогуз өлкөнүн колдоосу жана туруктуу мүчөлөрдүн ветосу болбошу керек эле. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 11 өлкө колдоп, Россия менен Кытай каршы добуш берди, ал эми Пакистан жана Колумбия калыс калды.
Ормуз кысыгы дүйнөлүк энергетика үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ал аркылуу дүйнөлүк мунайдын олуттуу бөлүгү ташылат. Акыркы окуялардан улам кысыктын жабылышы энергия ресурстарынын баасынын өсүшүнө алып келген.
АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин Иранга кысыкты ачуу боюнча ультиматум коюп, аскердик чараларды көрүү мүмкүн экенин билдирген. Кийинчерээк тараптар эки жумалык убактылуу тынчтыкка макул болуп, анын алкагында Иран кысыкты ачары айтылган.


