Башкы беткеРубрикаларАймактарБаткенде кулпунайдан жакшы киреше табып жатышат

Баткенде кулпунайдан жакшы киреше табып жатышат

Баткен облусунда айыл тургундары күнөскана ыкмасын колдонуп, кулпунай өстүрүү аркылуу жакшы киреше табышууда.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Чымген айылынын тургуну Аззамкул Ташбеков күнөсканада кулпунай өстүрүп, ийгиликтүү ишкерге айланды.

Ал кооперативдин мүчөлөрү менен бирге түшүм жыйнап, жубайы продукцияны ички рынокто сатууда. Кулпунайга суроо-талап жогору болуп, анын баасы 1 килограммына 1,5 миң сомго чейин жетүүдө.

Дыйкан кулпунайды күнөсканада гана эмес, ачык талаада да өстүрүп, тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонууда.

Белгилүү болгондой, айылдын 25 тургуну кооперативге биригип, эл аралык долбоордун алкагында окуп, колдоо алышкан. Натыйжада Ташбеков 3 сотых жерге эки күнөскана куруп, биринде кулпунай, экинчисинде бадыраң өстүрүүдө.

2025-жылдын ноябрында отургузулган кулпунай 2026-жылдын февралынан тарта түшүм бере баштаган.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар