Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, быйыл 1-сентябрдан тарта жол эрежесин бузган айдоочуларга дароо жол эрежеси боюнча суроолор берилет. Жооп бере албай калган айдоочулардын айдоочулук күбөлүгү “Унаа” мекемесине жиберилет. Ал жактан тесттен өткөндөрүнө айдоочулук күбөлүгү кайтарылып берилет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, жол эрежесин билбеген айдоочулардын айынан кырсыктар көп катталып, жарандардын ден соолугуна зыян кетирүүдө. Ошону менен “Унаа” мекемесине тест тапшыруу 500 сом, андан өтпөй калса, экинчиси 1000 сом, үчүнчүсү 2000 сом, төртүнчүсү 4000 миң сом болорун Аскат Алагөзов белгиледи.
Биз бул боюнча айрым шаар тургундарына кайрылып, алардын оюн угуп көрдүк.
Азамат БАКИРОВ, журналист:
“Жол эрежесин бузуу билбестиктен эмес, тоготпостук же кайдыгерликтен келип чыгат”
Журналист Азамат БАКИРОВ бул сунуш менен эреже бузгандар азаят дегенге кепилдик жок экенин айтты.
– Менимче бул сунуштун ишке ашуусу өтө кыйын. Буга бир нече себептер бар;
– айдоочулар дагы, жол көзөмөлдөө кызматкерлери, деги эле мамлекеттик тейлөө кызматтары даяр эмес.
– жол көзөмөлдөө кызматкерлери өздөрү окуудан өтүү керек, ага убакыт талап кылынат.
– коррупцияга канчалык бир деңгээлде жол ачары анык эле көрүнүп турат. Мисалы, майда жол эрежесин бузган учурда, берген суроого жооп бере албай калып экзаменге 500 сом төлөп, андан дагы өтпөй калса дагы кошумча акча төлөп жүрбөй, ордунан эле маселени чечип кетүү алда канча жеңил болот.
– экзаменге барган айдоочулардын арасында кезек күтүү орун алып, нааразычылыктар көбөйөт. Эсибизде болсо керек мурда эреже бузган учурда айдоочулук күбөлүктү кайра алууда бир топ кыйынчылыктар болчу. Кассага кезекке турмай, аны төлөп кайра күбөлүк алууга кезек күтмөй. Ошол көрүнүш кайталанат. Азыр деле машина каттоо жайга же айдоочулук күбөлүк алуу үчүн барсаң кеминде 2-3 саат кезекте турасың.
– бул сунуш менен эреже бузгандар азаят дегенге кепилдик жок. Мисалга, ичип алган айдоочуларды айдоо күбөлүгүнөн ажыратуу киргизгенде деле анчалык натыйжа берген жок.
– жол эрежесин бузуу билбестиктен эмес, тоготпостук же кайдыгерликтен келип чыгат. Айталы, Ош – Бишкек же Бишкек – Торугарт жолунда бара жатканда 90дон ашык айдаба дегенди билбейт дейсизби? Же болбосо жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайдан киши өткөрүш керек, эки сызыкты кеспеш керек, кызыл жанып турганда өтпөш керек экенин билбейби? Албетте билет! Айдоочулук күбөлүк аларда окуйт, экзамен тапшырат. Мына ушул окуу процессин татаалдаштырыш керек. Маселен, үч ай эмес 1 жыл балким.
Бирок, өлкөдө мыйзам иштеп, мамлекеттик кызматкерлер 100 пайыз коррупциядан тазаланган болсо, албетте керек. Бул талкуунун жакшы жагы менин тааныштарым эмитен эле жол белгилерин дагы бир сыйра карап чыгышууда.
Алтынбек СИЛАЛИЕВ, жеке ишкер:
“Билип туруп тескери ишти кылган жаман адат пайда болду”
Жеке ишкер Алтынбек СИЛАЛИЕВ автохулигандардын айынан жол тыгындары күчөп жатат деген пикирин айтты.
– Жол эрежелерин билбегендик гана жол кырсыктарынын жалгыз себеби эмес. Балакеттей эле билет көпчүлүк. Бирок, кептин баары биздин маданиятта, эрежелерге, мыйзамга карата мамиледе жатат. Маселен, атайы тилкеде жөө кишинин приоритет экенин окуганы деле, күбөлүктү сатып алганы деле, аялы да, эркеги да билет. Бизде билип туруп тескери ишти кылган жаман адат пайда болду, Өнүккөн өлкөлөрдө тазалык, мыйзамдын үстөмдүгү, тартип, адамга сый-урмат мамиле, жогорку маданият калыптангандыктан биздегидей өзүм билемдикке, бейбаштыктарга жол берилбейт. Андыктан кыргыз атуулдарын тарбиялап, маданиятын көтөрүшүбүз керек.
Жамалдин ПАРМАНКУЛОВ, Бишкек шаарынын тургуну:
“Жол эрежесин сурап койгон туура”
Бишкек шаарынын тургуну Жамалдин ПАРМАНКУЛОВ президенттин бул тапшырмасы туура деген пикирде. Анын айтымында, эреже билбеген айдоочулардын айынан жол кырсыктары көп катталууда.
– Айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алып, жол белгилерин билгени да, билбегени да унаа айдап, жол кырсыгына кабылып, адам өмүрүн алган ошолор болуп жатат. Азыр айдоочулардан эрежени сурасаң көбү билбейт. Темир жол бар деген белгини көрсөтсө, “паровой батарейка” дегендерди да көргөнбүз. Андыктан, жол эрежесин сурап койгон туура. Билгендер жооп берип коюп кете берет, билбегендер окуп, кайрадан экзамен тапшырышат. Бул бир чети жаңылануу болуп, айдоочулар эрежени окуп калышат. Экинчи жагынан коррупцияга жол ачышы ыктымал.
Султанбек АМАНБЕК уулу, “Кыргыз Туусу”