10-мартта Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны азайтуу жөнүндө президент Садыр Жапаровдун жарлыгын ишке ашыруу боюнча Министрлер кабинетинин жыйыны өттү.
Жыйында юстиция министри Аяз Баетов 2025-жылдын 1-октябрына чейин Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору кызматын аркалоо менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштей турганы маалым болду. Ага ылайык, сөз болуп жаткан институтка мамлекеттик башкаруудагы реформаларды ишке ашырууга кеңири ыйгарым укуктарды берилет.
“Биз бүгүн президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекеттик башкарууну реформалоонун жаңы, радикалдуу этабын баштайбыз. Бул жөн эле кезектеги демилге эмес – бул өлкөбүздөгү бардык өнүгүү процесстерин тездетүүгө багытталган чечкиндүү, ал тургай, радикалдуу кадам”, — деди Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.
Маалыматта өкмөттүн бири-бирин кайталаган жана натыйжасыз мамлекеттик органдарды аныктоо, мамлекеттик кызматтарды автоматташтырып, бюрократияны азайтуу, айрым кызматтарды жеке секторго берүү жана чыгымдарды кыскартуу планы бар экендиги айтылат.
Кыргызстанда ушул тапта 16 министрлик бар. Ошондой эле министрликтерге караштуу мамлекеттик агенттик, комитеттер менен фонддор иштейт.
Данияр Амангелдиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары,
Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматы менен кошо премьер-министрдин орун басары кызматын аткарат. Бакыт Төрөбаев өкмөт башчынын орун басары жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп иштейт.