whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.06.2025
21.6 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешЖогорку Кеңештин жыйындар залы санариптештирилет

Жогорку Кеңештин жыйындар залы санариптештирилет

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин жыйындар залында жүргүзүлө турган оңдоп-түзөө иштери боюнча маалымат алды.  Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Эске салсак, 2023-жылы Жогорку Кеңештин техникалык базасын чыңдоо багытында Корея менен атайын макулдашууга кол коюлган.

«Долбоордун алкагында парламенттин чоң жыйындар залы акыркы үлгүдөгү заманбап техникалар менен камсыздалып, мыйзам чыгаруу ишин санариптештирүүгө багытталган жумуштар жасалат. Ага ылайык, жыйындар залы толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, тиешелүү жабдуулар менен камсыздалышы кажет. Жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү жана жаңылоо иштери мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деген терең ишеничтемин», – деди төрага Нурланбек Тургунбек уулу.

Ошондой эле быйыл Ак үйдүн айланасындагы таман таштарды да жаңыланып, бак-дарактар иретке келтирилип, жаңы көчөттөр олтургузулат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар