Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен макарон продукциясын чыгарууда алдыңкы үчтүккө кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын январь айында КМШ өлкөлөрүндө жалпы 138 миң тонна макарон өндүрүлсө, анын ичинен Кыргызстанда 3 200 тоннага жакыны өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч боюнча өлкө Россия менен Казакстандан кийинки 3-орунду ээледи.
2024-жылдын январь–сентябрь айларынын ичинде Кыргызстандын макарон экспортунун көлөмү 5,8 млн. доллардан ашты, негизги сатып алуучу — Өзбекстан, ал жакка дээрлик 1 200 тонна жөнөтүлүп, экспорт 53 пайызга өстү.
2023-жылдын тогуз айында Кыргызстандан жалпы 3 087,4 тонна макарон экспорттолуп, көлөмү 495,7 млн. сомду түздү. Негизги экспорт багыттары:
- Казакстан – 1 652,7 т (~241,8 млн. сом);
- Россия – 1 328,9 т (~231,9 млн. сом);
- ошондой эле Беларусияга жана Арменияга экспортолгон.