Башкы беткеМаанилүүКүрөш боюнча дүйнө чемпионатында өлкө намысын 5 балбан коргойт

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында өлкө намысын 5 балбан коргойт

Бүгүн, 28-июлда Грециянын борбору Афина шаарында кадеттер арасында спорттук күрөш боюнча U-17 (17 жашка чейинки балбандар) дүйнө чемпионаты башталат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, алгач грек-рим күрөшү боюнча балбандар килемге чыгып, 48 кг, 55 кг, 65 кг, 80 кг жана 110 кг салмактык категорияларында күрөшөт.

Аталган мелдеште Кыргызстандын намысын беш спортчу коргойт. Алар Жанарбек Сейитов (48 кг), Алхам Абдирасулов (55 кг), Адилет Өмүрбеков (65 кг), Нурислам Өскөнбаев (80 кг) жана Умар Орманов (110 кг).

Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 13:30 да башталат.

Көңүл жубатуучу жана финалдык беттештер эртең болот.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар