whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.12.2025
-5.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКазакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан энергия жеткирүү жана суу берүү боюнча бирдиктүү планга...

Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан энергия жеткирүү жана суу берүү боюнча бирдиктүү планга келди

23-ноябрда Алматыда өткөн жыйында Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери суу-энергетикалык кызматташтыктын параметрлерин макулдашты. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлиги билдирди.

Тараптар Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинин төмөн экенин эске алуу менен, жылуутуунун күз-кышкы мезгилинде өз ара колдоо көрсөтүүнү жана 2026-жылдагы вегетацияга даярдыкты камсыздоону тастыктады.

Жолугушууга Казакстандын энергетика министри Ерлан Аккенженов, Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев, Казакстандын суу ресурстары министри Нуржан Нуржигитов, Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов, Өзбекстандын суу чарба министри Шавкат Хамраев жана Кыргызстандын тиешелүү ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.

Энергия жана суу боюнча макулдашуулар төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Кыргызстанга кышында Казакстан менен Өзбекстан электр энергиясын жеткирет. Бул Кыргызстанга ГЭСтерге болгон нагрузканы азайтып, Токтогул суу сактагычына суу топтоого жардам берет.

  • Жайкысын топтолгон суу Казакстан жана Өзбекстанга берилет, аймактагы сугат иш-чараларын камсыздоо үчүн.

  • Өлкөлөр энергияны үнөмдөө жана керектөөнү азайтуу боюнча аракеттерди да координациялайт.

  • Өзбекстан электр энергиясынын транзити жана балансировкасы үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында үч тараптуу протоколга кол коюлуп, 2026-жылкы вегетация мезгили үчүн суунун топтолушу жана кышкы энергопоставкалардын параметрлери расмий түрдө бекитилди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар