Европа лидерлери АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган Украина боюнча 28 пункттан турган тынчтык планын “жөн гана долбоор” деп атап, аны кабыл алууга болбой турганын билдиришти. Бул тууралуу 22-ноябрда Түштүк Африкадагы G20 саммитинин жүрүшүндө белгилүү болду. Алардын айтымында, план акыркы чечим катары карала албайт жана Европа менен анын союздаштарынын талаптары эске алынмайынча өзгөртүлүүгө тийиш. Ошол эле учурда Вашингтон Киевге бул сунушту бейшембиге чейин кабыл алуу же четке кагуу боюнча “басым” көрсөтүп жатканы белгиленүүдө.
Европалык лидерлер биргелешкен билдирүүдө документ сүйлөшүүлөр үчүн негиз болушу мүмкүн экенин, бирок учурдагы шарттар жараксыз экенин белгилешти. Германия канцлери, Улуу Британиянын премьер-министри жана Франциянын президенти сыяктуу өлкө башчылары Украинанын куралдуу күчтөрүн кыскартуу жөнүндө сунуштарга катуу тынчсыздануусун билдиришти. Алардын айтымында, Европа коопсуздугуна байланыштуу ар бир чечим Евробиримдик жана НАТО мүчөлөрү тарабынан макулдашылышы шарт. Украинанын куралдуу күчтөрүнө сунушталып жаткан чектөөлөр аларды тынчсыздандырарын белгилешти.
Документке Европа Кеңешинин төрагасы Кошта, Еврокомиссия башчысы Урсула фон дер Ляйен, Франция президенти Эммануэль Макрон, Германия канцлери Фридрих Мерц, Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Польшанын премьери Дональд Туск жана башка көптөгөн дүйнө лидерлери кол коюшту. Ушул эле маалда Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн башчылары дүйшөмбүдө кезектеги жыйынга чогулушат.
Европанын дипломаттары Euronewsке билдиргендей, азыр АКШ белгилеген мөөнөт жакындап калгандыктан, “өтө интенсивдүү дипломатиялык аракеттер” көрүлүүдө. Франция жана Улуу Британия Украинаны ашыкча басымдан коргоо максатында АКШ сунушуна каршы өзүнүн альтернативдүү планын даярдап жатышат. Европанын негизги тынчсыздануулары үч багытта топтолууда: Украинанын суверенитети, аймактык бүтүндүгү жана Орусиянын агрессиясы үчүн жоопкерчилик маселеси.
Европа лидерлери Украинанын территориялары күч колдонуунун негизинде өзгөртүлбөшү керек экенин белгилеп, АКШнын 28 пункттан турган планындагы Крымды, Донецк жана Луганск облусун толугу менен Россияга өткөрүп берүү сунушун кескин четке какты. Ошондой эле Вашингтон сунуштаган Украинанын аскердик күчүн 900 миңден 600 миңге чейин кыскартуу идеясы да Европанын нааразылыгын жаратты. Алар тескерисинче, Украина армиясы күчтөндүрүлүшү керек деген пикирде. Мындан тышкары, Европада жайгашкан Орусиянын тоңдурулган активдерин кандайча пайдалануу боюнча да бирдиктүү пикир али табыла элек.

