Башкы беткеЖогорку КеңешАйжигитов БШКнын чечимине каршы сотко кайрылды

Айжигитов БШКнын чечимине каршы сотко кайрылды

    Мандатынан ажыратылган Жогорку Кеңештин депутатты Султанбай Айжигитов Борбордук шайлоо комитетине каршы доо арыз менен Бишкектин административдик сотко кайрылды.

Соттук отурум качан болору азырынча белгисиз.

Эске салсак, Боршайком 28-мартта Султанбай Айжигитовдун мандатын алган. Ал жыйында УКМКнын бөлүм башчысы Жеңиш Сейитов Султанбай Айжигитовду 2021-жылы депутаттыкка талапкер кылып каттоодо “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам бузулганын айткан. Ал Султанбай Айжигитов талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматты бербей, жашырып койгон деп билдирген.

Султанбай Айжигитов соттуулугу жок экенин, анын мандаты саясий негизде алынганын билдирген.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар