whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.01.2026
0.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом«Полярная звезда» планетарий жайгашкан жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

«Полярная звезда» планетарий жайгашкан жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Бишкектеги Панфилов паркынын аймагына жакын жердеги «Полярная звезда» планетарий жайгашкан жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, аталган жер тилкени жеке адамдарга мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схеманы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан мыйзамсыз токтому менен айрым жогорку кызматтагы адамдар аркылуу уюштургандыгы такталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 0,42 гектарды түзгөн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча кылмыш схемасына тиешеси бар адамдар аныкталды.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында УКМК тарабынан козголгон соттун чечимине ылайык, аталган комплекс мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.

«УКМК мурда мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объектилерин мамлекеттин менчигине кайтарууга багытталган тиешелүү иштерди улантууда. Ошону менен бирге, процессуалдык материалдардын алкагында объектти мыйзамсыз менчиктештирүүгө катышкан кызмат адамдарынын жана башка адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет»,-деп айтылат маалыматта.

Гезит

2025-й в цифрах и фактах

Рост ВВП ВВП Кыргызской Республики в январе-ноябре 2025 г. увеличился на 10,2%.  Сильные инвестиционный и потребительский спрос продолжают составлять опору роста экономики. Инвестиции в основной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар