Башкы беткеМинистрлер кабинетиКышкы эс алуу күндөр анык болду

Кышкы эс алуу күндөр анык болду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери үчүн жаңы жылдык каникулдарды 2026-жылдын 8 жана 9-январь күндөрүнө кошумча эки календардык күнгө узартуу жөнүндө токтом кабыл алды.

Бул чечим үй-бүлө институтун чыңдоо жана кышкы мектеп каникулдары мезгилинде ата-энелердин балдары менен бирге эс алуусуна кошумча шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 13- жана 17-беренелерине ылайык кабыл алынган.

Ошондой эле жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине аталган токтомду өз ишмердүүлүгүндө колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталат. Бул кызматкерлердин эмгек ишмердүүлүгү менен үй-бүлөлүк жашоосунун ортосундагы тең салмактуулукту камсыздоого өбөлгө түзөт.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар