Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭне тилин билүү — башкы маданият

Эне тилин билүү — башкы маданият

1920-жылдын көктөмү.  Короо четиндеги көк аңкыган дөбөчөдө кепкор кишилер маек куруп,  жагымдуу кеп-сөз жайбаракат жамырап кулак курчу кана калып жатканда Жакшыбай чечендин үнү көтөрүңкү чыкты:

– Акыл-парасат сөз атасын күткөндө, кут ырыстуу үйдүн төрүндө! – деп чечен тике карады. Көздөрү бажырая калып, кебин улады.

Кепке кулак төшөп, кишилер тымыды.   Дал ошол күндөн касиеттүү куттуу төргө өткөргөн акыл-парасат деген кош сөз менин дилимде. Ата, энелеп тамтуң баскандан тартып улам укканым улам кулагыма алтын сырга – улам жаңы табылга болуп, рухий дүнүйөмдү байыткан эне тилим мендеги кишилик касиеттин ажарын ачты.

Албетте, сени да башка жаныбарлардан айырмалап – кишилик  касиетиңдин ажарын ачкан эне тилиң. 

Эмесе, биз, алгач ушул асыл касиетти айныгыс кылып баалайлы. Анан анын тагдыры жөнүндө кам көрүшөлү.

Ата, энелеп тили чыга баштаган чүрпөдөн тартып, мына эми көзү жумулат деген карыяга чейин тилге кам көрүшкө акылуу. Бирок акым бар деп эле дөөдүрөй бериш – кырман толо чечтелген топурак чачканга тете.  Ал эми тилдин тегин тектебей, анын ички маани касиетин сезбей, күүсүн, ыргагын эшитпей, деле сөздүн көркөм элесин көз алдыга элестете албай туруп, анын маданияты, тагдыры жөнүндө курулай кам көрүштүн пайдадан мурда залалы чоң. Адал ой, ак тилекте өзүмдүн билгенимди айтып калайынчы дегендерге кечиримдүү. Билгендерин айтышсын. Сөз кенчин кенен чабытташпаса да табылга сөздөрү кай бир кемкетикке сеп болор.

Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ

Салмоор

Салмоор – (салмагы оор).   Күмүштөн жасалган чоң жалпай сөйкө.  Мисалы: ушул салмоор сыргам энемден калган таберик. Дагы башка мааниси – чий чырмоо ишинде жипке байланып ылдый салаңдатып коюлган таш. Ошондой эле  кушту, бүркүттү таптаганда  уча качып кетпес үчүн бутуна байлап койгон оор нерсе.  Кээде боз үй шамалга туруштук берсин деп түндүгүнөн ылдый салаңдатып оор нерсени байлап коюшкан. Ошону салмоор байладык дешкен.

Жыпар киндик

Жыпар  киндик  (эркек кишиге карата айтылат)  Аял затына сүйкүмдүү, кыз-келиндер жакшы көргөн эркектерге карата айтылуучу сөз.  Мисалы:  бул  жыпар киндик досубуз аялдар арасында эмнени сүйлөштү жакшы билет. Капар өзү жыпар киндик неме – ага кыз-келиндер кылчактап, көз кырын салып
турушат.

Туу бийке

Туу бийке – күйөөгө тийгенге чейин эле (эрге тийбей туруп)  төрөп алган кыз. Атасынын төрүндө олтуруп эле төрөп койгон кызды кыргыздар туу бийке дешкен. Мисалы: анын туу бийке кызы бар.  Алардын кызы туу бийке болуп,  жүзү жарык болбой, эл ичинен көчүп кетишкен.

Ит көйнөк

Ит көйнөк – жаңы төрөлгөн наристенин биринчи ирет кийилүүчү кийими. Ит көйнөк улгайган адамдардын кийими тигилген кездеменин артканынан же жыртыла элек эски көйнөктөн тигилген. Ырымдап кадыр-барктуу, нарктуу, өрнөктүү адамдардын көйнөгүнөн алышкан. Көбүнчө ак түстө болгон. Ит көйнөк (эт көйнөк эмес!) деп аталган себеби, аны адегенде ырымдап итке тийгизип, анан балага кийгизген. Мындай ырымдын мааниси – баланын ден соолугу бекем болуп, аман-эсен чоңойсун деген ишенимге байланыштуу.  Ит көйнөктү ымыркай кырк күн кийген. Кыркын чыгаргандан кийин кырк көйнөк (кырк курак кылып тигилет) деген көйнөктү кийгизишкен.

Кыргыздын чен  өлчөмдөрү

Узундукка карата:  – бир укум, төрт ээли,   бир сөөм, бир карыш,  кере карыш, бир кулач,  кере кулач,  бута атым, чакырым, тай чабым, ат чабым  ж.б.

Бийиктикке карата:   – Кызыл ашыктан, тушардан, тизеден,  белден, киши бою, кереге бою, укурук бою, аркан бою ж.б.

Убакытка карата:  – Таң куланөөк,  таң супа салганда,  таң ата, үрүл-бүрүл, таң азанда,   күн кылтыйганда, күн чыкканда,  күн көтөрүлгөндө, шашке, улуу шашке, жалган түш, чак түш,түш оогондо, бешим,  кеч бешим, дигер,  күн батаар, намаз шам, кеч күүгүм, каш карайганда, куптан,  эл орунга олтурганда ж.б.

Элмира АЖЫКАНОВА.
Рубриканын алып баруучусу
Курманбек МАМБЕТОВ

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар