БШКда төрага Тынчтык Шайназаровдун Европалык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын саясий кеңешчиси Петер Надерер, ошондой эле ЕККУнун Демократиялык Институттар жана Адам Укуктар боюнча Бюросунун кеңешчилери Елена Ковалева жана Каха Инаишвили менен болгон жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун максаты Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу жана мындан аркы кызматташтыкты талкуулоо болуп, шайлоо системасын жакшыртуу жана жарандардын шайлоого болгон ишенимин арттыруу боюнча негизги маселелер каралды.
Тынчтык Шайназаров эффективдүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» «Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык Мыйзамдын долбоору боюнча сунуштарды берүүдөгү жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
ЕККУ өкүлдөрү жолугушуунун уюштурулушуна, Борбордук шайлоо комиссиясынын ишинин ачык-айкындуулугуна жана жеткиликтүүлүгүнө, бардык маселелерди эч кандай тоскоолдуксуз талкуулоого даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Алар ошондой эле БШКнын жаштарды шайлоо процессине тартуу боюнча маалыматтык-түшүндүрмө иштеринде биргелешип иштөөгө даярдыгын белгилешти. ЕККУ өкүлдөрү жолугушуу жакшы маанайда өткөнүн баса белгилеп, мындан аркы кызматташууга ар тараптуу даяр экендиктерин белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.