Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2025-жылдын январь–май айларында жалпысынан 14 706 нике катталса, анын ичинен 4 729 түгөй ажырашкан. Ал эми өткөн жылы ажырашкандардын саны 13397ге жеткен. Тактап айтканда, акыркы эки жылда ажырашуулардын саны 6%га өскөн. Ажырашуулардын көбөйүшү – бул жөн гана жеке мамиленин бузулушу эмес, ал коом үчүн олуттуу коңгуроо. Анткени, үй-бүлө — мамлекеттин пайдубалы.
Баарынан маанилүүсү – үй-бүлө ынтымагы
Үй-бүлө – бул коомдун эң башкы өзөгү, тарбия башаты, куттуу очок. Тегин жеринен очогуң бузулбасын дебейт элибиз. Ар бир өлкөнүн өнүгүүсү, коомдун туруктуулугу жана маданий баалуулуктары ушул үй-бүлө институтунун туруктуулугуна байланыштуу. Бүгүнкү күндө заманга жараша өзгөрүүлөр, миграция, технологиянын өнүгүшү жана глобализация үй-бүлөгө болгон көз карашты өзгөртүп жатат. Мындай шарттарда үй-бүлө ынтымагы, аны бекемдөө зарылдыгы өзгөчө маанилүү болууда.
Ошону менен Кыргызстанда ажырашуулардын саны өсүп жатканы ойлондурбай койбойт. Бул көрүнүш үй-бүлө институтунун туруктуулугуна терс таасирин тийгизип, балдардын тарбиясына, коомдун социалдык абалына жана жалпы адамдык баалуулуктарга зыян алып келүүдө.
Ажырашуунун себептери
Ажырашуулардын негизги себептеринин бири бул – үй-бүлөдөгү экономикалык кыйынчылыктар. Башкача айтканда, жубайлардын туруктуу кирешесинин жоктугу, жумушсуздук жана материалдык стресс үй-бүлөнүн бузулушуна алып келет. Экинчи себеби – миграция. Жубайлардын бири чет өлкөгө иштегени кетип, алардын узак убакыт бөлүнүп жашашы ортодогу жылуу мамиленин солгундашына алып келет. Ошондой эле өтө жаш куракта үй-бүлө күтүү жана эки жуптун турмуш курууга эмоционалдык жактан даяр эместиги да себеп болот. Мындан сырткары, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун күчөшү, салт-санаалардын унутулуп баратышы, медиа жана социалдык түйүндөрдүн таасири да бар. Акыркы жылдары интернет, телефон аркылуу жаралган ишенимсиздик жана өзүнүн жашоосун өзгөлөрдүн жашоосу менен салыштыруу да ажырашууларга себеп болуп жатканы жашыруун эмес.
Ата-эненин ажырашуусу биринчи кезекте балдар үчүн оор сокку болору шексиз. Алар дайыма өздөрүн күнөөлүү сезип, тынчсызданып, ата-эне мээримине жетпей чоңоюшат. Ал эми ата менен эненин сүйүүсүнө тойбогон балдар коомдук терс көрүнүштөргө жакын болуп, адатта көйгөй жаратышат.
Жаш жубайларды даярдоо – бекем үй-бүлөнүн пайдубалы
Эгерде ажырашуулардын саны кыскарсын десек, эң алды менен келечек муунду, жаштарды турмуш курууга алдын ала даярдоо керек. Аларга үй-бүлө куруу – бул жөн гана расмий никеге туруу эмес, чоң жоопкерчилик, өз ара түшүнүү жана сабырдуулук талап кылган өмүрлүк жар тандоо экенин түшүндүрүү зарыл. Жубайларды турмуш курууга алдын ала даярдоо – үй-бүлө институтун бекемдөөнүн негизги жолдорунун бири. Анүчүн жаштарга нике жана үй-бүлөлүк жашоо боюнча кеңеш берүүчү курстарды, вебинарларды уюштуруу, психологиялык консультацияларды жеткиликтүү кылуу зарыл. Жаш жубайларды даярдоодо үй-бүлөлүк жашоонун маңызын терең түшүндүрүп, өз ара түшүнүү, чыдамкайлык, компромисске келүү сыяктуу көндүмдөрдү, үй-бүлөлүк бюджетти пландаштыруу, аны биргелешип башкарууну үйрөтүү керек. Ошондой эле, үлгүлүү үй-бүлөлөр менен жолугушууларды уюштуруп, алардын турмуштук тажрыйбалары менен бөлүшүүсү оң натыйжа береринде шек жок. Үй-бүлөлүк баалуулуктарды эске алуу менен аларды жайылтууну колго алуу абзел. Эң негизгиси, мамлекеттик деңгээлде жаш үй-бүлөлөрдү материалдык жактан колдоо
зарыл.
Башка өлкөлөрдө
Соңку жылдары Өзбекстанда да ажырашуулардын саны өсүп жатканы байкалууда. Бул көрүнүш үй-бүлөлүк баалуулуктардын, коомдук өзгөрүүлөрдүн жана социалдык-экономикалык факторлордун таасири менен шартталууда.Өзбекстанда 1998-жылы түзүлгөн «Оила» борбору үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүү, ажырашуу көйгөйлөрүн изилдөө жана аларды алдын алуу боюнча иш алып барат. ЖМКларда жана мектептерде үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча агартуу иштери жүргүзүлөт. Аны менен катар имамдар, эл өкүлдөрү никени сактап калууга багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат.
Казакстанда үй-бүлө институтун бекемдөө – улуттук өнүгүүнүн, коомдук туруктуулуктун жана адамдык баалуулуктардын негизги багыттарынын бири катары каралат. Казакстандын мамлекеттик саясаты коомдук уюмдар жана билим берүү системасы аркылуу үй-бүлөнү чыңдоого арналган бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп келет. Ошондой эле үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүүгө багытталган бир нече мамлекеттик документтер жана программалар кабыл алынган. Мисалы, Үй-бүлө институтун коомдун негизги ячейкасы катары өнүктүрүү максатын көздөгөн «Казакстан – 2050» стратегиясы кабыл алынган. Казак элинин салт-санааларын сактоо жана жаңы муунга өткөрүү, үй-бүлөдө тарбиянын ролун күчөтүүгө багытталган “Рухани жаңғыру” программасы бар. Ошондой эле, жубайлардын укуктарынын теңдиги, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, үй-бүлөдө зомбулукту азайтуу жана социалдык жардам көрсөтүү 2020-2030-жылдарга карата Гендердик жана үй-бүлөлүк саясаттын улуттук концепциясы иштейт.
Коңшу Россиянын мисалын алсак, үй-бүлө жана баланы коргоо мамлекеттик программалары иштейт. Көп балалуу үй-бүлөлөргө транспорт, коммуналдык төлөм, салык жеңилдиктери каралган. Эң башкысы, бала төрөлгөндө энелик капитал деп акчалай жардам көрсөтүлөт.
Долбоор бар, бирок ишке аша элек
Кыргызстанда азырынча атайын “Ата-энелик капитал” программасы жок, бирок аны киргизүү мүмкүнчүлүгү коомчулукта талкууланып келет. 2024-жылдын ноябрында Жогорку Кеңеште энелик капитал төлөп берүү боюнча Президенттин жарлыгы даярдалып жатканы айтылган. Бул негизинен бийик тоолуу жана жеткиликтүү аймактардагы көп балалуу үй-бүлөлөргө каралган демилге катары каралууда. 2025-жылдан тарта Кыргызстанда ата-энелик капитал программасы ишке кириши мүмкүн. Бул программага ылайык, жети балалуу үй-бүлөлөргө – 1 миллион сом, ал эми он балалуу үй-бүлөлөргө – 2 миллион сом өлчөмүндө колдоо көрсөтүү пландалууда. Программа көп балалуу үй-бүлөлөргө мотивация жаратып, социалдык абалын жакшыртууга багытталган. Бул программа азырынча мыйзам катары кабыл алына элек.
Ата-энелик капитал
Ата-энелик капитал – мамлекет тарабынан балалуу болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү материалдык колдоо формасы. Бул программа үй-бүлөнүн жашоо шартын жакшыртуу, демографиялык өсүштү стимулдаштыруу жана балдардын келечегине инвестиция салуу максатын көздөйт. Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Россия, Казакстан жана айрым Европа мамлекеттеринде мындай система ийгиликтүү колдонулуп келет. Кыргызстан үчүн да бул механизмди киргизүү же кеңейтүү – маанилүү социалдык кадам болмок.
Эгер бул программа ишке ашса, ал өлкөдөгү үй-бүлө институтун бекемдөөгө, балдардын келечегин камсыздоого жана социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга чоң салым кошмок. Бирок анын ийгиликтүү болушу үчүн, укуктук негиздерди, ачык-айкын башкаруу механизмдерин жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу эң маанилүү.
Ата-энелик капитал – бул жөн гана материалдык жардам эмес, бул мамлекеттин үй-бүлөгө жана келечек муунга болгон стратегиялык инвестициясы. Кыргызстанда да бул программаны ишке киргизүү, же аналогдук сис-теманы түзүү – үй-бүлө институтун бекемдөөгө, демографияны жакшыртууга жана жарандардын жашоосун туруктуу кыла турган таасирдүү курал болмок.
Ал эми үй-бүлө – коомдун түптөлүшүндөгү негизги уюм. Аны бекемдөөдө жана коргоодо мамлекет өзүнүн социалдык, экономикалык, укуктук жана маданий саясаттары аркылуу активдүү роль ойнойт. Жаш үй-бүлөлөрдү жана балалуу ата-энелерди колдоо – туруктуу жана өнүккөн коомду куруунун негизи. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде ишке ашырылган колдоо программаларынын натыйжалуулугу өтө маанилүү. Мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн үй-бүлө саясаты – улуттук коопсуздук жана социалдык стабилдүүлүк үчүн маанилүү багыт. Колдоо программалары ар бир үй-бүлө үчүн жеткиликтүү жана реалдуу болушу керек. Мындан улам, мындай саясаттар дайыма жаңыланып, заман талабына ылайык адаптацияланышы зарыл.

Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”