Курулушчулардын кесиптик майрамын утурлай архитектор жана дизайнер Айгүл Искакова менен баарлашып, анын кесиптик жолу, архитектурага болгон көз карашы жана өзү негиздеген Art Studio SKY студиясы тууралуу маек курдук. “Сапат, эстетика жана адамга ыңгайлуу чөйрө жаратуу – башкы максатыбыз”, – деген Айгүл айымдын маегин сунуштайбыз.
– Айгүл айым, архитектурага болгон кызыгууңуз кайдан башталып, кантип кесипке айланып калды?

– Сүрөт тартууга болгон кызыгуум бала кезимден эле башталган. 7-класста окуп жүргөндө бизде жаңы гимназия ачылып, сүрөт сынагы аркылуу ошол жакка өтүп, окуп калдым. Ал гимназия мени чыгармачылык дүйнөгө жетелеп, көптөгөн сынактарга катышууга, таланттуу балдар менен бирге өнүгүүгө жол ачты. 9-классты аяктаган соң архитектуралык курулуш колледжине тапшырдым. Бул багыт мага абдан жаккандыктан окуумду Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде (КГУСТА) улантууну чечтим.
Окуумду артыкчылык диплому менен аяктаган соң, 2006-жылы архитектор катары иштей баштадым. Акырындык менен тажрыйба топтоп, жоопкерчилик да арта баштады. Беш жылдан кийин “архитектор” деген расмий сертификатты алдым, андан соң “башкы архитектор” (ГАП) деген жогорку даражадагы квалификацияга ээ болдум.
Ошондон бери архитектура жана интерьер долбоорлоо менен алектенип келем. 2018-жылы өзүмдүн Art Studio SKY аттуу студиямды негиздедим. Учурда командабыз менен көп кабаттуу турак үйлөрдү, ар кандай объекттерди долбоорлоп келебиз. Биз үчүн эң маанилүүсү – адамдар үчүн ыңгайлуу, функционалдуу, заманбап жана ошол эле учурда эстетикалык жактан жагымдуу чөйрө жаратуу.
– Студияңыз бүгүнкү күндө кандай кызматтарды көрсөтөт жана ири долбоорлоруңуз тууралуу айтып берсеңиз.
– Биздин студия башында жалаң гана архитектуралык долбоорлоо иштери менен алектенип келсе, 2020-жылдан тарта ички жана сырткы көркөм жасалгалоо (интерьер, экстерьер) ишин да өздөштүрдүк. Бүгүнкү күндө биздин командада дипломдуу дизайнерлер, лицензиялуу архитекторлор жана тажрыйбалуу конструкторлор чогуу иштешет. Биз долбоорлорду нөлдөн баштап, толук даяр абалга чейин (под ключ) бүтүрүп беребиз. Акыркы 5 жылда бир нече турак жайды ийгиликтүү бүтүрүп, ээлерине кубаныч тартууладык.
Белгилей кетсек, 2018-жылдан бери «SKY BUILDINGS ENGINEERING» жана «SINAN», «ЭКОСТРОЙ ЛИМИТЕД» сыяктуу ири курулуш компаниялары менен тыгыз кызматташып, 4-7 жана 10-11 кабаттуу үйлөрдү биздин долбоорлордун негизинде салып жатышат. Андан сырткары жакында эле 15 кабаттуу үйдү сырткы көрүнүшүнөн баштап ички жасалгасына чейин толугу менен «DOMINANT.PLUS» компаниясы үчүн иштеп чыктык. Азыркы убакытта фундаменти куюлуп, курулуш иштери жүрүп жатат.
Биз командабыз менен ар бир долбоорду өзгөчө кылууга бар күчүбүздү жумшайбыз, ар бир жердин шартын эске алып, индивидуалдуу өзгөчө долбоор түзүүгө аракет кылабыз. Фасаддарды жасоодо дагы жалпы стиль менен чектелбейбиз. Биринде сары таш классика же арт-деко болсо, экинчисинде клинкер, ламинам сыяктуу материалдар менен заманбап стилдерди колдонобуз. Шаарыбыздын архитектурасын жана жашылдандыруусун жакшыртууга аракетибизди кылуудабыз.
Кудайга шүгүр, өсүш бар. Кардарларыбыздын ыраазы болгону биз үчүн эң чоң жетишкендик. Андыктан, ар бир кардардын оюн эске алуу менен ишти тактык жана жоопкерчилик менен бүтүрүүгө аракет кылып келебиз.
– Командаңыз тууралуу да айтып өтсөңүз. Канча киши иштейт?
– Студияда азыркы учурда он чакты таланттуу кызматкер туруктуу иштейт. Алар негизинен турак үйлөрдүн, ишканалардын, дүкөндөрдүн ж.б. имараттардын архитектурасын жана ички дизайн, ландшафт долбоорун чийишет. Архитектуралык долбоорлорду негизинен ГАП катары өзүм иштеп чыгам. Мындан тышкары онлайн жана келишим менен иштеген кесиптештерибиз да бар.
Инженерлерди болсо долбоор даяр болгондон кийин иштешүүгө чакырабыз. Алар бизден долбоордун тиешелүү бөлүгүн алып, инженердик эсептерди жана техникалык чечимдерди чыгарышат. Бул багытта 2010-жылдан бери үзгүлтүксүз кызматташып келе жаткан тажрыйбалуу инженерлерибиз бар.
Жалпысынан бир долбоордун үстүнөн 15–20 адам чогуу иштейт. Арасында архитекторлор, конструкторлор, инженерлер, эсепчилер жана дизайнерлер бар. Баары тең өз ишин мыкты билген кесипкөйлөр десем жаңылышпайм.
– Кардарлар көбүнчө эмнеге басым кылышат? Имараттын сырткы көрүнүшүнөбү, экологиялык таза курулуш материалынабы же ыңгайлуулуккабы?

– Кыргызстанда архитектура азыр жаңыдан өнүгүп жатат десек туура болот. Ошондуктан экологиялык таза материалдарды колдонгондор азырынча азыраак. Себеби, бул бир аз кымбатыраак болуп калат. Көбүнчө сырткы көрүнүшкө, дизайнга көбүрөөк маани беришет. Бирок, акыркы убактарда экология-лык таза материалдар менен жана жашоого ыңгайлуу курам дегендер да жок эмес.
Мисалы, жогоруда белгилей кеткен “Sky Buildings Engineering” курулуш компаниясы турак үйлөрдүн ар бир кабатынын бийиктигин адаттагыдан бийигирээк кылып, таза аба менен камсыз кылуу жана чыгаруу (приточно вытяжная VRF ) системага алдын ала буюрт-ма берет. Бул курулуш компания үчүн мактанаарлык иш десем жанылышпайм. Себеби, көп имараттардан байкасаңыздар болот кондиционердин сырткы системасы имараттын архитектурасын, келбетин бузуп коёт.
Анан албетте, архитектура шаарыбыздын көркүнө көрк кошушу керек. Бирок акыркы жылдары көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы көрүнүшү бир типтүү болуп, фасаддарын жалаң эле сары таш менен каптап койгон учурлар көбөйдү. Биз ушуларды эске алуу менен долбоорлорубузда имараттын сырткы кооздугуна, айлана-чөйрөнүн жайлуулугуна (таза аба, жарык, акустика, желдетүү ж.б.) жана жашоочулардын ыңгай-луулугуна өзгөчө көңүл бурабыз. Себеби, жашаган үйүң же иштеген жериң болобу, ал адамга ыңгайлуу, ден соолукка зыян келтирбеген жана кооздугу менен ырахат тартуулап турушу зарыл.
– Жумуш учурунда сизге кандай кыйынчылыктар кездешет? Айымдар үчүн бул иш оор эмеспи?
– Бул кесип – мен сүйгөн кесип, ошол себептен мен үчүн оор эмес.
Кээде курулуш иштери жүрүп жаткан объектилерге барганымда прорабдар же куруучулар “аял киши экен, билбесе керек” дегендей мамиле кылышат. Бирок, долбоордун деталдарын түшүндүрүп, иштешип баштаган соң көз караштары өзгөрүп, сый мамиле кылып калышат. Ал тургай, биздин долбоорлорду жактырып, кийин башка объекттерде да кеңешимди сураган учурлар болуп калат. Жумушта аял же эркек эмес, профессионал болуу маанилүү деп эсептейм.
Ал эми турак үйдү пландоодо аялдардын ролу маанилүү деп эсептейм. Анткени үйдүн ичиндеги эргономиканы аял кишилер жакшы түшүнөт. Прорабдар да көп учурда айым кардардан же айым дизайнерден пикир сураган учурлары көп кездешет. Анын үстүнө аялдар үйдө көбүрөөк убакыт өткөрүшөт эмеспи. Андыктан үйдүн ички жайлуулугу, эргономикасы жана функционалдуулугу алар үчүн өтө маанилүү.
– Долбоорлорду ишке ашырууда кандай кыйынчылыктарга кабыласыздар?
– Биздин ишибиздин эң татаал жагы бул – документация жана макулдашуу процесси. Шаар куруу эрежелерине ылайык, ар бир имараттын фасады жер тилкесинин өзгөчөлүктөрүнө жана аймактык ченемдерге жооп бериши керек. Бул талаптарга жооп берүү үчүн көп убакыт жана күч жумшалат. Ал эми курулуш компаниялары менен иштешүүдө көбүнчө уруксат кагаздарын алуу, инженердик коммуникацияларды жеткирүү жана дол-боордун аткарылышын көзөмөлдөөдө кыйынчылыктарга туш болобуз.
Ошондой эле, курулушка жакын жердеги жашоочулардын нааразычылыктары да кездешет. “Чаңдап жатат, тынчтык бербей жатат” дешип тоскоолдук жаратканга аракет кылышат. Ар бир адам үйлүү болсом экен деген жакшы тилек менен эмгектенет эмеспи. Андыктан, мындай көрүнүштөргө түшүнүү менен мамиле кылып, тоскоолдуктарды болтурбоого аракет кылсак, курулуш иштери да өз убагында бүтмөк. Эски үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу жаңы турак жайлар курулуп, ал жерлерде башка жарандарыбыз жашап калса анын эмнеси жаман? Жаңы үйлөрдүн салынышы – шаарды өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга да салым кошот эмеспи.
Куттуктоо
Жалпы архитекторлорду, курулуш компанияларды жана ушул тармакта эмгектенгендердин баарын кесиптик майрамы менен куттуктайм! Сиздерге чын жүрөктөн чыгармачылык ийгилик, чың ден соолук жана жаркын келечек каалайм! Бир-эки кабаттуу өзүбүз жашаган үйдү куруу кандай кыйын, ал эми сиздер канчалаган көп кабаттуу үйлөрдү куруп, канчалаган адамдардын ак өргөлүү болуусуна шарт түзүп келесиздер. Мындан ары дагы бул жаатта өз салымыңыздарды кошо беришиңиздерге тилектешмин.
Ар бир жараныбыз ыңгайлуу, жайлуу, кооз үйлөрдө жашаса деген тилегибиз бар. Кыргызстаныбыз дагы архитектурасы кооз, башкаларды суктандырган өлкөгө айланса дейм. Ар бир курулуп башталган үй аягына чыгып, ал үйлөрдө бактылуу адамдар жашасын деп тилек кылам.
Маектешкен Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА,
“Кыргыз Туусу”

